Мен анын жетинчи аялы экенмин, бир айга жетпей ажыраштык


Турмуш жолумду баштап, чоң үмүт менен күйөөгө чыккам. Жашообуздун алгачкы күндөрүнөн эле мен аны өзүмдүн өмүрлүк жарым деп кабыл алып, ишеничимди арнадым. Бирок, тагдыр мага оор сыноо даярдаптыр. Бир аз убакыт өткөн соң анын буга чейин канча жолу үйлөнүп, канча жолу ажырашканын билдим. Мен анын жетинчи аялы экенмин.
Ал үйлөнүп, аз убакыт өткөндөн кийин уруш-талаш чыгарып, ажырашып кетчү тура. Ким канча чыдаса, ошончо жашап кете берет экен. Мен кеткенден кийин деле бир айга жетпей кайра үйлөнүп алыптыр. Ошондо жүрөгүм ого бетер сыздап, күйүп чыктым.
Эң оор сезим – анын мындай жашоосун алдын ала билбей, ата-энем, туугандарым, кошуналарым мени акжолтой тилектер менен узатканы болду. Баары эл көзүндө болгондуктан, чоң той берип, сый менен узатышты. Ал болсо баарын жашырып-жаап, эл билбегендей кылып үйлөнүптүр. Чоң той да кылган эмес. Бул анын жашоосунун чыныгы жүзү экенин кийин түшүндүм.
Жүрөгүм ооруйт, анткени мындай кишиге ишенип, аялдык бактымды издеген менден башка дагы канча кыз-келин алданып жүрөт. Менин тагдырымды бузганы аз келгенсип, дагы канчалаган айымдардын үмүтүн өчүрүп жаткандыр...
Бул жашоодо ар бир кыз бактылуу болууга, чыныгы сүйүүгө татыктуу. Бирок ал адамдын жасаган иштери аялдардын тагдырын оюнчукка айлантып, тагдырларды талкалап жатат. Кандайдыр бир деңгээлде мындай адамдар өз жазасын алып, жооп бериши керек деген пикирдемин.
Айдана
"Азия Ньюс" гезити











