Акыркы кабарлар
21:02
» Коом » “Kloop” басылмасы чек арада курман болгондорго онлайн эстелик ачты
“Kloop” басылмасы чек арада курман болгондорго онлайн эстелик ачты
19-май, 20:18

“Kloop” басылмасы быйыл апрель айынын соңунда Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги окуяда курман болгон кыргызстандыктарга арнап онлайн эстелик ачты. Каза болгондордун тизмеси, ар бири тууралуу маалымат жана сүрөтү менен «Көздөн жаш эмес, кан агат» деген аталышта жарыяланып турмай болду.
Басылманын редакциясы азырынча курмандыктардын айрымдары тууралуу гана маалымат чогулганын билдирди. Окурмандарга “айтылбай калган дагы көптөгөн тагдырлар бар. Набыт кеткен адамдардын элеси арабызда түбөлүк жашап калуусуна жардам сурайбыз” деп кайрылып, маалыматы болсо бөлүшүүгө чакырды.