Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мандатка канбаган Сыдыков баласы Алымбекти дагы алып чыкты

Мандатка канбаган Сыдыков баласы Алымбекти дагы алып чыкты

18-октябрь, 00:52
1 111 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков атасынан калган “Жаңы Кыргызстан” партиясын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге агытыптыр. Төбөлдөрдүн тилин таап, саясаттын кумарына батып калган кербези. “Буканы кутурткан эки энек” дегендей, бул байбача калтасынын калыңдыгына салып, баарын акча менен жайгарууну ойлосо керек? Тилекке каршы, элдин көзү азыр ачылган. Мурда Өмүрбек Бабановдун, Райымбек Матраимовдун колтугуна кирип кетип, көздөгөн максаттарына жетип келсе, 2020-жылдан бери Камчыбек Ташиевдин тилин таап, көз жазгырган кесепетиби? Бакыт Сыдыков өзү эле “беш колун матырбастан”, баласы Алымбек Бактыбековду да “Жаңы күч” партиясынан Бишкек шаардык кеңешке өткөрүү жандалбасына түшүп, оргуп-кайнап жаткан чагы. Кайра-кайра шайлана береби? Коомчулук астында булардын жанталашканы сынга алынууда. “Жаңы күчтү” Куванычбек Конгантиев баштап баратат (атасы Камбаралы Конгантиев канкор Курманбек Бакиевдин башкы прокурору болгон). Ошентип, кечээги бакиевчилер улам бир партиядан көз ымдашып, мамлекеттин кызарган жерлерин басып жыгылууга жулунган кербездериби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер