Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри Марат Нусувалиевди “чаап” түшүүгө кызыкдар

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри Марат Нусувалиевди “чаап” түшүүгө кызыкдар

25-июль, 19:23
318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Эсиңерде болсо, Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев УКМК тарабынан кармалып, 25 миллион сом “кусуп”, эркиндикке чыкканы белгилүү. Кылмыш иши боюнча арсар кептер козуп, айыпталуучу актыгын айткан эле. Анын ордуна экс-чиновник Орозбек Нусувалиевдин уулу Марат Нусувалиев дайындалган. Бул кадр экономика министри Данияр Амангелдиев аркылуу келгени талкууга алынганы ырас. Кандай болгон күндө да, учурда иш ыргагы көңүл жылытарлык эмес. Себеби, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Тынайбек Сансызбаев менен Марат Нусувалиев келише албай, ортолорунан жарака кетип, интрига күүсү катуу чертиле баштаптыр. Депутаттардын көпчүлүгү мэрди колдоодон баш тартышып, таластык катары жерип жатышабы? Бул оюндун артында Урмат Самаев (“Чемпион”) турганы, ал кайрадан жердештерине таянуу менен ордуна келүүнү көздөгөн кербезиби? Негизинен алганда, Токмок шаардык кеңешинин депутаттары “Чемпионго” жан тартышып, өз бала катары кайрадан бутуна тургузууга аракеттери күч экен. Жаңы мыйзам боюнча мэрди президент Садыр Жапаров дайындайт эмеспи. Эгерде Марат Нусувалиевди коалициялык көпчүлүк “чаап” түшсө, мыйзам жокко чыгып калабы? Сыягы, ит жыгылыш күрөштүн ыргагы күчөп кетчүдөй. Эгерде күн тартибиндеги талаш-тартыш ырбай берсе, кайрадан Урмат Самаевге УКМК оперлери ыдык көрсөтөбү? Айтор, кызык тирештер алдыда... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер