Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМдин тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси каза болду

ИИМдин тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси каза болду

13-декабрь, 16:55
1 260 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Сыргак Айткурманов каза болду. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга калаадагы №4 шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө 1977-жылы туулган С.А. аттуу жаран келип түшкөндүгү маалымдалган.

Жогорудагы маалымат Бишкек шаарынын Свердлов РИИБсинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Дарыгерлердин аныктамасына ылайык, Айткурманов ооруканага баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен эс-учу жок келип түшкөн. Ал эсине келбегендиктен окуянын жагдайлары боюнча суракка алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес, ошондой эле анын жанында өздүгүн аныктоочу документтери (айдоочулук кубөлүгү, ID паспорту) менен “Айфон” үлгүдөгү уюлдук аппараты бар экендиги аныкталган» деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдирүүсүнө таянсак, “тез жардам кызматына чалган жаран Гоголь-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жерде адам жаткандыгын кабарлаган.

Медициналык кызматкерлердин аракетине карабастан Айткурманов эсине келбестен түнкү саат 24:00дө каза болгон. Экспертиза тарабынан ага алдын ала өнөкөт боор жетишсиздиги диагнозу коюлган. Аталган жагдай боюнча сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер