Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орустарга алданып, ЕАЭБге киргенибиздин азабын тартып атабыз!

Орустарга алданып, ЕАЭБге киргенибиздин азабын тартып атабыз!

21-ноябрь, 13:44
827 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тышкы саясат – кыргыздын башына келген башчыларыбызга байланыштуу жүргүзүлөрү анык. Дээрлик отуз жылдан бери башчыларыбыз кандай болсо, тышкы саясатыбызды да ошондой кул мүнөз министрлер башкарды. Союз урагандан кийин колубузга алган эгемендиктин барк-баасын эмдигиче билбей келебиз. Дегеним, Акаевден баштап, азыркы президенттерге чейин “орустарсыз, алардын жардамысыз өз алдыбызча өнүгүп-өсүп кете албайбыз” тааризинде элди жөндөмсүз маңкуртка айлантып келишти. “Биз орустарсыз жашай албайбыз” деген идеяга, байкасам, көпчүлүк элибиз ынанып, кубаттап алгандай. Мен ошондой ойду тутунгандарга айтаар элем, атаңардын как башы! Өзүңөр маңкурт, мажүрөө жана жөндөмсүз болсоңор, калган элди да өзүңөрдөй көрбөгүлө! Себеби, эгемендикти алгандан баштап коркок, принциби жок, ички кудрети күчтүү эмес, мамлекетчил эмес, кыргызга күйбөгөн, өзүнүн гана керт башын ойлогон президенттердин айынан Кыргыз Республикасы деген эле атыбыз бар, калган ички жана тышкы саясатыбыздын баарын орустарга өткөрүп берип коюп, анан кайсы арыбызга “эгемен өлкөбүз” деп басып жүрөбүз?! 

Байкасаңар, орустарсыз бир чоң иш кыла албай калдык. Анан бизге чоң инвесторлорду кой, орто, чакан инвесторлор да келбейт да. Себеби, өз алдыбызча саясатыбыз жок. Инвесторлор кирели деп жатса, орустар өздөрүнүн губерниясындай эле түздөн-түз кийлигишет. Минтип отурсак, эчтеме кыла албай, акырындап улут болуудан да ажырайбыз. Мен орустар менен урушуп-чабышып калуудан алысмын, тескерисинче, экономикалык, гуманитардык, аскердик, соода-сатык байланыштарды мамлекет катары тең укуктагы кызыкчылыкта жүргүзө берели. Ушуга окшогон ички жана тышкы саясаттарын коңшу өлкөлөр орустарсыз эле өздөрү жүргүзүп келишет. Минтип айтканымдын себеби, бизде президенттик шайлоо башталса эле “Москванын батасын алып келели” деген саясатчылар (өздөрү пешка болгону аз келгенсип), жумурай журтту дагы басып берип жатышат. Коңшуларды көрүп арданат экенсиң. Мен ушунча болуп, коңшулардын президенттеринин “мени өз өлкөмө президент кылып койгула” деп бүк түшүп чөгөлөп Москвага барганын уга да, көрө да элекмин. 

Урматтуу эл-журт, келе жаткан жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоого элдин башын аттап өтүп, тоготпой, “силер эмне кылып алат элеңер?” деп Москвага чуркаган талапкерлерди чыккынчы катары көрүп, добушуңарды ошол талапкер сөрөйлөргө бербеңиздер!” деп суранып кетет элем. Ал эми Садыр Жапаровго кайрыларым: А.Атамбаев менен С.Жээнбеков убагында кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөбөгөн шектүү келишимдерди, мындайча айтканда, саткынчылык кол коюуларын бир сыйра жакшылап карап чыккандын ордуна “биз кыргыз мамлекети мурунку президенттердин кол коюлган келишимдеринин баарын кыйшаюусуз аткарабыз” деп убадаңызды катуу берип ийдиңиз. Мен билгенден С.Жээнбеков бир топ шек жараткан келишимдерге кол койгон, ошол эле Кумтөргө Абылгазиев экөө «Центерра Голд» менен кайра жакшылап келишим түзүп койдук” деп жүрүшкөн. Түзгөн келишимдери «Центерра Голдду» эгер жаңылбасам, 2040-жылга чейин узартып берип коюшкан, а сиз айтып жатасыз “Кумтөрдө алтын калбай калды” деп. Эгер калбаса, анда эмнеге өмүрүн узартып берип жатышат? Сиздин айтканыңызга таянсак, анда логика кайда калат? Ал келишимди “чимкирик” депутаттар жалпы жыйынга алып чыгышып, угуп койгонго да эрктери жетпеди. 

Экинчи бир маселе: ушул эле “чимкирик” депутаттар Канттагы орустардын авиабазасынын учуп-конгон жерин “орустарга түбөлүк менчикке бердик” деп шаңыраңдашкан. Ал жерде мүмкүн авиабазаны оптом сатып жибергендир, себеби орустар мындан ары кыргыз мамлекетинин уруксаты жок эле дрондорун каалагандай учуруп, өз билгенин кылып, шпиондук иштерин улантканга жол ачып берген жокпузбу? Дегеле конуучу тилке болобу, асфальты болобу, депутаттар чыккынчылык кылышып, эмнеге мыйзам менен бекитип беришет? Алтынчы чакырылыштын “чимкирик” депутаттары кайра шайлоого келгенге моралдык дагы, саясый дагы акылары калбады! Булардын балдарына чейин люстрацияга киргизиш керек. 

Орустарга өтө жакындабоонун мисалдары көп. Канчалык шыйпаңдап, тизе бүгүп барган сайын, ошончолук эгемендигибизден ажырай беребиз. Орустар бизди эч качан “өнүгүп кетсин” дебейт, тескерисинче, “думана болуп турса, биз кызарган жерлерин кертип турсак” дейби? Буга бир эле мисал, “ЕАЭБге киргиле. Силерди 180 миллиондук рынок күтүп турат” деп алдап киргизип алып, эмне болуп отурабыз? Жакшысынан начары көп экени эми билинип жатпайбы! Баягы эле таз кейпибиз: казактардан товарларыбыз өтө албайт. Эптеп өтсө, орустар тосот, алар өткөрбөй кыйнайт. Эми булардын көзүн карабай альтернативдүү темир жол менен соода кылалы десек, буга да орустар бут тосуп, биздин кичинекей соода жүгүртүү ишибизди көрө албай, Кытай–Кыргызстан–Ɵзбекстан темир жолунун биздин гана бөлүгүбүзгө инвесторбуз (!) деп, бизди өз алдынчалыгыбыздан ажыратып, кыйнап, ушул долбоорго киргени жатат. С.Жээнбековдун айтуусу боюнча Кытай–Кыргызстан–Ɵзбекстан темир жолу деп ушундай жакшы долбоорго орустарды  кошуп долбоор жасатып жүргөн. Болбосо биз ушул долбоор менен орустарсыз эле Иранга, Индияга жана Европага эң сонун соода-сатыгыбызды жүргүзгөнгө шарт түзүлүп турган. Ушул сыяктуу Кыргыз мамлекетине бап келген чоң долбоорду чалды-куйду кылган С.Жээнбековго “экс-президент” деген наамды берип отурабыз. 

Ошондуктан, мен жогоруда айткандай, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин душмандары! Себеби, биздин ички жана тышкы саясатыбызды орустарга карматып келишкен. Эми ошону азыркы президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Бактыбек Калмаматов же башкалар болобу, коңшулардай эч кимдин көзүн карабаган эгемен өлкөгө айлатканга эл алдында жана мамлекет алдында милдеттүүсүңөр! Болбосо “карыз сурап элибизди багабыз” десеңер, анда барбай ак койгула!    



"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер