Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Кыргызстандын эл аралык саясаттагы таасирин күчөтүүгө негиздер бар”

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Кыргызстандын эл аралык саясаттагы таасирин күчөтүүгө негиздер бар”

25-октябрь, 21:46
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

24-октябрь кыргыз дипломаттарынын күнү. Тышкы иштер министрлигине 80 жыл толуп отурат. Белгилүү датаны утурлай кесипкөй адистерди куттуктайбыз! Ошого катар дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкулов менен азыноолак маек курдук. 

-- Аликбек Жекшенкулович, сиз тажрыйбалуу дипломат катары тышкы саясатыбызга кандай баа берет элеңиз? 

-- Тышкы саясатты талдаар алдында дүйнөлүк процесстерди карап, эл аралык мамилелер кайда баратканына баам салуу керек. Азыр атаандаштык күчөп, көп полярдык багытка жол ачылды. 1991-жылы СССР ыдырагандан кийин 2000-жылга чейин АКШ менен НАТОнун өлкөлөрү каалагандай саясат жүргүзүп келишти. Мисалы, Югославияны, Иракты бомбалады. Сирияда жарандык согуш отун тутантты. Ошол процесстерден улам көп лидерлер ойлоно баштады. Себеби, мурда эл аралык мыйзамдар иштечү да. Азыр эми кеп башкааныгында БУУнун чечимдеринин таасири аябай азайып, деградацияланып кетти. Анткени, бир катар чоң мамлекеттер эл аралык мыйзамдарды сыйлабай, башка улуттардын пикирин эске албай, “күч атасын тааныбайт” ыкмасына өтүп алышты. Мисалы, Израиль менен Палестина чыр-чатагын баарыбыз билебиз. БУУнун 1947-жылдагы эки мамлекет болсун деген чечими бар. Израиль калыптанды, ал эми Палестина түзүлбөй калды. Себеби, Батыштагы эң күчтүү мамлекеттер колдобой коюшту. Же болбосо жакындагы эле окуяларды айталы. БУУнун Генералдык ассамблеясы Израиль Палестинага чабуулун токтотсун деген чечим кабыл алган. Тилекке каршы, Израиль токтомок түгүл Ливанга, Сирияга сокку уруп, чыр-чатакты кайра күчөттүБиз БУУнун чечимин тааныбайбыз деген билдирүү таратты. Андан тышкары, БУУнун башкы катчысын, дүйнөлүк дипломатиядагы эң чоң фигураны персона нон грата деп тааныды. Тарыхта кайталанбаган нерсе да! Бул эмнени көрсөтөт? “Дүйнөдө күч атасын тааныбайт” деген принцип өкүм сүрүп, зордук-зомбулук ашынганы эмеспи. Мунун өзү эл аралык тартипке доо кетирет. Ошол себептен азыр тышкы саясат өзгөрдү, адамдар алмашууда. Ушунун баары чогулуп келип дүйнөлүк чоң процесстерге жол ачууда. Биз ушундай чакта туура багыт таап кетсек жакшы, а эгер таба албасак, келечегибиз кыйын болот. Кыйчалыш кырдаалда биз дипломатиялык жактан баардык тарабын салмактап, прагматикалык көз караштын, улуттук кызыкчылыктын негизинде кылдаттыкты көрсөтүүбүз кажет. Менин оюмча, алар бүгүн ошондой максатта иш жүргүзүп жатышат. 

-- Тышкы саясатыбыздагы урунттуу учурларга учкай токтоло кетсеңиз?

-- Биздин дипломаттар башында бир аз кыйналганы менен 33 жылдын ичинде акырындап алгылыктуу жолго түшүп алышты. Бүгүнкү күндө ТИМ Кыргызстандагы эң маанилүү, таасирдүү ведомстволордун бири. Министр баш болуп, анын курамында иштеп жаткан кадрлар да эмгек кылышууда. Менимче, туура багытыбызды алып, абалдан жакшы эле чыгабыз. Анан бир нерсени эске алуу керек. Ири мамлекеттер кичине өлкөлөргө басым көрсөтүп, чоң саясатка аралаштырууга аракет кылышат. Биз ошондон тыш болушубуз шарт. Мына жакында президент Садыр Жапаров Россиядан сүйлөп, андан соң сырткы кызматташуу, Батыштын санкциялары боюнча интервью бербедиби. Аныгында, дээрлик тарыхыбыз да, эртеңки келечегибиз да Россия менен тыгыз байланышкан. Биз бул өлкө менен стратегиялык өнөктөш, анан союздашпыз. Россия баардык жагынын Кыргызстанга жардам берип, колдоп келет. Анан кантип Россия кыйынчылыкка кабылганда, биз тескери бурулуп кетебиз? Мындай болушу мүмкүн эмес да. Ошондуктан Садыр Жапаров жеке саясый эркин, принцибин көрсөтүп, өзүнө жана кыргыз элине ишенүүнү айтты. Кош стандарттуу болбош керек деп ачык эле билдирди. БУУнун уставы боюнча жалпы саясатыбызды өзүбүз жүргүзүшүбүз керек, биз ошол жолдо баратканыбызды эскерткен мааниде сүйлөдү. Мен ойлойм, бул туура багыт. Ички жана тышкы саясат бири-бирине тыгыз байланыштуу эмеспиИриде өлкөбүздүн ичинде туруктуулукту, ынтымакты сактап, коопсуздугубузду бекемдеп, экономикабызды өнүктүрсөк, социалдык-маданий алкакта өсүү жолуна түшсөк, эл аралык коомчулук да бизди сыйлайт. 

-Чоң мамлекеттер өз саясатына тартууга аракет кыларын айтпадыңызбы. Алар биздин эркибиз менен эсептешеби?..

-Мындай даБатыштын саясатчылары деле туура түшүнүшөт. Биз географиялык жайгашуубуз боюнча Россия менен Кытайдын ортосунда турабыз. Эки өлкө аркылуу реалдуу товар алмашуубуз 5-6 миллиард долларга жетип атат. Албетте, Батыш өлкөлөрү кысым көрсөтүшү мүмкүн. Бирок, биз таразага салышыбыз керек. Бул мамлекет бизге канча пайда алып келет? Тигил жактын жарыгы тийеби?” деп санашыбыз зарыл. Биз Россия, Кытай менен мамилеге баардык жагынан кызыкдарбыз. Мисалы, нефти продуктуларын, дан азыктарын, курулуш материалдарын алалы, бүгүнкү күндө кийимибизден баштап бүт баары Кытайдан чыгарылат. Ошондуктан, биз бул жагынан ойлонбой туруп, баарына реалдуу карап, прагматикалык саясат жүргүзүүбүз зарыл. Ошондо туура жыйынтык чыгат. 

Ошол эле кезде Батыштын натыйжалуу тажрыйбасын, жетишкендиктерин колдонууга тийишпиз. Жакында эле президентибиз Италияга барып келбедиби. Ал жакта биздин мигранттарыбыз иштейт. Андан тышкары, Италия өтө байыркы мамлекеттердин бири. Маданияты, билим берүү системасы жогорку деңгээлде өнүккөн. Евробиримдиктин саясатын аныктаган Германия, Франция, Италия, Испания сыяктуу төрт мамлекет бар. Алар менен кантип алака кылбайбыз? Байланыш түзүш керек. Бирок, жогорудагыдай тандоо жаралып калса, анда таразага салган оң. 

-Көп полярдуу дүйнө түзүлүп атабы?

-Азыр дүйнө жүзү ойгонду. Анын эң башкы көрсөткүчү – БРИКС. Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка. Бул эң чоң мамлекеттер да. Эми Египет, Сауд Арабиясы, Иран кирип атат. 25 мамлекет кезекте турат. Глобалдык түштүк мамлекеттери биригүүдө. Санап көргөндө элдин саны боюнча да, экономикалык потенциалы жагынан да Батыш өлкөлөрүнөн чоңураак болуп калат. Кечээ жакында Россиянын президенти Владимир Путин жакшы айтты. “Биз бул уюмду Батышка каршы эмес, өзүбүз үчүн уюштуруп жатабыз” деген мааниде белгиледи. Менимче, Казандагы жыйын өткөн соң көп уюлдуу дүйнө түзүлгөнү айтыла баштайт. 

-- Кандай дейсиз, Садыр Жапаровдун 24-сентябрда БУУда сүйлөгөн сөзү өзгөчө маанилүүбү?

-Президентибиздин сөзү чындыгында эле концептуалдуу болду. Согуштарга, кыйратууга жана өлтүрүүгө жумшалган каражаттарды глобалдык чакырыктарды чечүүгө, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө, чаржайыт миграцияны токтотууга жумшоо керектигин баса белгилеп, чакырык таштады. Бул маанилүү концепция да! Ошол эле кезде инвестициялар боюнча Кыргызстан алгылыктуу чараларды көрүп, ырааттуу мыйзамдарды кабыл алып жатканы тууралуу айтты. Анан тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди лидерлердин эсине салып, ага да салым кошууга үндөдү. 25 өлкөнүн жетекчилерин 2027-жылы өтө турган Тоо саммитине чакырды. Бул дагы биздин өнүгүүбүз үчүн өтө маанилүү. Анткени, бүгүнкү күндө дал тоолуу региондордо жашаган калктар өзгөчө кыйын абалда. Экономика жагынан да, экология жагынан дагы. Эсиңердеби, 2002-жылы Бишкекте глобалдык Тоо саммити өтүп, Кыргызстан дүйнө жүзүнө чоң сигнал таштаган. Ошондон кийин бизге таза суу сыяктуу долбоорлор сунушталып, жакшы жылыштар орун алган эле. Азыр президентибиз ошону эске салып, мындай иштерди кайра жандандырганга аракет жасады. Анткени, Тоо саммитинде экономика, экология, коммуникация, билим берүү жагын камтыган суроолор көтөрүлөт. Инвестициялык климатка дагы чоң таасир этип, экономикалык өнүгүүгө жол ачылат, байланыштар бекемделет. 2027-28-жылдарга Кыргызстандын талапкерлиги БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө коюлганы да дипломатиялык чоң кадам. Анткени, Кудай буюруп, шайланып калсак, күн тартибин, өз долбоорлорубузду сунуштап, Кыргызстандын эл аралык саясаттагы таасирин күчөтсөк болот. Буга мүмкүнчүлүк бар. Анткени, 33 жылда Кыргызстан дүйнөлүк саясатта чоң катачылык кетирген жок. Президентибиздин “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, күч-кубатты бириктирели!” деген чакырыгы да мен ойлойм, эң ийгиликтүү табылга

-Сиз Кыргыз-Орус славян университетинде иштейт эмессизби. Бул окуу жайда ректор алмашып, ага байланыштуу нааразы тараптар да чыкты окшойт. Сиздин оюңузча, жетекчиликтин алмашканы канчалык туура болду? Ал окуу жайдын ички климатына, билим берүүнүн сапатына канчалык таасир этет?

-- КРСУ бизге, Россия үчүн да өтө маанилүү долбоор. Ал эң алдыңкы университеттердин катарына кирет. Отуз жылдан бери абдан жакшы кадрларды даярдады. Ошол эле кезде жетекчилер алмашып, реформа болгондо ар дайым нааразычылыктар жаралары белгилүү. Менин оюмча, бул мыйзамдуу көрүнүш, ага көңүл деле бурбаш керек. Россия менен Кыргызстандын өкмөттөрү соңку уставын бекитип, университетке жаңы, эл аралык статус берип жатышат. Биздин бүтүрүүчүлөр эки өлкөнүн: Кыргызстандын жана Россиянын дипломун алышат. Бул жаштарыбыз үчүн өтө маанилүү. Ошого жараша Россия студенттик шаарчаны: жаңы кампустарды, жатаканаларды салганга чоң каражат бөлүүдө. Университетке азыр заманбап технологияларды өздөштүргөнөзгөчө ыкмаларды билген креативдүү жетекчилер келишти. Эң башкы максат – КРСУну өнүктүрүү, мугалимдердин айлыктарын көбөйтүп, студенттерге татыктуу билим берүү, шарт түзүү. Азыр менин оюмча, жакшы кадамдар ташталууда. МГИМОнун ыкмаларын пайдаланып, профессордук-окутуучулук курамдан жоопкерчилик менен сапат талап кылынууда. КМШ мамлекеттери, Кытай менен кызматташуу кеңейди. Жакында кытай, япон, парсы, корей сыяктуу чыгыш тилдерин үйрөтүү боюнча атайын борбор ачылды. Университет Кыргызстандагы гана эмес, Орто Азиядагы эң алдаңкы ЖОЖдордун бири болоруна ишенем. Анткени, базасы күчтүү. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер