Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кымыздык бөйрөктөгү таштарды чыгарууга жардам берет

Кымыздык бөйрөктөгү таштарды чыгарууга жардам берет

31-март, 20:02
2 280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Салттуу жана элдик медицинада

Курамында танин, эфир майы, флавоноиддер, аскорбин кычкылы, витаминдер (C, A, E, K), пектин заты жана башкалар бар. 

Салттуу медицинада заара кубалоочу, кан токтотуучу каражаттардын курамына кошулат. Элдик дарыгерлер тамырын жана жалбырагын ич катууда, кызыл жүгүрүктө, холециститте, эркектин бел кубатын көтөрүүдө пайдаланышат. Табыптар «бөйрөктүн таш оорусуна колдонсо, майда таштар талкаланып, заара менен чыгат» дешет. 

Аталган оорулар үчүн «Тамырдан кайнатма»: кургатылып, майдаланган тамырынан 1 чай кашык алып, ага 300 грамм суу куюп, 10 мүнөт жай отто кайнатуу кажет. Даяр дарыдан 50 граммдан 3 маал ичүү сунушталат. Дарылануу курсу 7 күн. Эскертүү: дарыны колдонордон мурда врач менен кеӊешиӊиз!

Кымыздыкты гастрит, ашказан жана ичеги жарасы барлар, кош бойлуулар аз өлчөмдө жебесе, оорусун күчөтүп алышат.

Ашканада: жумшак кезинде сабагы суюк тамак жана салат үчүн колдонулат. Ал үчүн алдын ала кабыгы аарчылат. 

Кымыздык кошулган суюк тамак

Керектелүүчү азыктар: күрүч (же арпа акшагы) – 50 грамм, каймак – 4 аш кашык, картошка (орточо) – 2 даана, кымыздык – каалоого жараша.

Даярдоо ыкмасы: 500 грамм сууга 50 грамм күрүчтү (же арпа акшагын) салып, ал бышарга жакын майда тууралган 2 картошканы кошуу керек. Бышканда кабыгы аарчылган кымыздыкты кошуп, дагы 5 мүнөт кайнатасыз. Даяр суюк тамактын үстүнө каймактан куюп, дасторконго бере бересиз.

Ден соолукта болуп, оорубаңыз!

(Интернет булактарынан)

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер