Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүүдөгү стресс эмне? Үй-бүлөнүн 90 пайызы ажырашып кетишет...

Сүйүүдөгү стресс эмне? Үй-бүлөнүн 90 пайызы ажырашып кетишет...

28-апрель, 12:35
791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоодо ар түрдүү жагдай болот. Бирде бакыттын кучагында болосуз, бирде муңга баткан күндөр да болушу мүмкүн. Үйлөнгөн кезде адамдар «биз түбөлүк бактылуу болобуз» деп ойлошот. Бирок үй-бүлө берекесине жетиш үчүн эмгек кылыш керек. Бул тууралуу “Заман” сайты төмөндөгүлөргө токтолгон.

Стресс – калыптуу жагдай. Ар бир үй-бүлөдө «уруш-кериш, түшүнбөстүк, стресске баткан күндөр» болот. Алардын ар бирин аталышы да бар: биринчи жылкы, үчүнчү жылкы, бешинчи жылкы, жетинчи жылкы стресстер деген. Акылдуу үй-бүлө маселени дал убактысында чечип, андан аман-эсен чыгып кетет. Ал эми стресске даяр болбогон үй-бүлө шарт ажырашууга шашылышат.

Статистикалык маалымат боюнча, үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылында 90 пайыз жуптар ажырашып кетишет. Калган 10 пайызы сабырдуулук менен жеңип чыгат. Алар бала төрөлгөн кездеги, жумушка байланыштуу жана орто курак кездеги стресстен өтүшөт.

Стресс мамилени бекемдетет. Эмнеге десеңиз, стресс маалында жубайлардын бири-бирине деген сезимдери сыналат. Сабырдуулук менен кичи пейилдүүлүккө үйрөнүшөт. Акылдуу болуш керектигин түшүнүшөт. Ушул жол менен гана жубайлар картайганча сүйүүсүн өчүрбөй, бактылуу боло алышат.

Бала төрөлгөн кезде мырзалар аялына жардам берип, жанында болууга аракет кылганы оң. Жумушка байланыштуу стресс учурунда аял киши сүйүктүүсүн колдоп, дем берип, анын бийик белестерге жете аларын эсине салып колдоп турганы жакшы.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер