Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сегиз жылдык өмүрүбүздү өзүнөн улуу аялга алмаштырды...”

“Сегиз жылдык өмүрүбүздү өзүнөн улуу аялга алмаштырды...”

13-сентябрь, 13:19
2 048 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм экөөбүздүн түтүн булатканыбызга сегиз жылдын жүзү болду. Ушул жылдарда биз төрт балалуу болдук: үч уул, бир кызыбыз бар. Балдар чоңойгон сайын тапканыбыз тамагыбыздан ашпай калды. Күйөөмдүн досу “Москванын бир жеринде иштеп келдим” деп келип үй алган. Күйөөм да “үй албасак да үйдү ремонттоп, короо жайды тоскондой акча таап келейин” деп кеткен. Алты айдай акча салып, биз менен тынбай сүйлөшүп жаткан. Жаңы жылдан кийин ал биз менен анда-санда сүйлөшүп калды. Кийин таптакыр байланышка чыкпай, “жумушум болбой жатат” деп бир жолу гана СМС жазып койду. Көрсө, ал жактан кайненем курактуу бир аял менен жашап алыптыр. Анысын кайненеме айтсам, эркек жүрөт да, эмне болуптур?” деп койду. Чыдабай кетип, “балаңыздын аялы сиз менен курдаш экен десем, мени менен уруша кетти. Ошол бойдон кайын журтум да күйөөмө карыган аялды мен таап бергенсип катышпай тултуюп жүрүшөт.

Гүлнара
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер