Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үсөнбаев: “Болбой эле эрежени катуу бузуп жатышат”

Үсөнбаев: “Болбой эле эрежени катуу бузуп жатышат”

06-июнь, 16:46
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан боюнча 17 мекемеде оорунун жугуу ыктымалдыгы абдан эле коптуу кырдаал түзүлгөндүктөн, аларга катуу чара көрүүгө мажбур болушкан.

Кыргызстанда санитардык нормаларды сактабаган ишкерлерге 1 миллион 855 миң айып пул салынды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 11 016 ишкерлик объектинин санитардык нормаларды аткаруусу текшерилген. Натыйжада, 5546 оозеки эскертүү, 1271 жазуу түрүндөгү эскертүү берилген. Ал эми 1250 объектиге 1 миллион 855 миң сом айып салынган. 17 мекемеге катуу чара көрүү үчүн документтери укук коргоо органдарына өткөрүп берилген.

"Бүгүнкү күндө биз дал ушундай катуу көзөмөл жүргүзүүгө мажбурбуз. Себеби калк арасында коронавирустун жайылып кетишине жол берилбеши керек. Андыктан саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган эрежелерди, санитардык нормаларды так сактоого чакырам", - деди Үсөнбаев.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер