Акыркы кабарлар
» Саясат » Өзгөчө камкордуктагы Сапар Исаков боюнча жөн жерден сөз чыкпаса керек...
Өзгөчө камкордуктагы Сапар Исаков боюнча жөн жерден сөз чыкпаса керек...
20-июнь, 19:56


Атайын кайтарууга алынган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун маанайы жакшы экенин билгендер жобурап айтышууда. Ал мурдагы кылмыш иштеринен сыртта жүрүп эле акталганбы? Москвада өзгөчө камкордукка алынып атса, анда таасири күчөп, саясатка аралашууга батынабы? Айтор, Сапар Исаков боюнча маалы менен күдүк божомолдор божуранып, саясый элитада ой калчанып келет. Кийинки аламанга чыга турганы жөн жерден эмеспи? Алгач жоромолдор жортуп, коомчулукта сыналып, анан карталар ачыла баштачу эле...











