Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Декабрдан баштап айдоочулук күбөлүк 100 сом 85 тыйын болот

Декабрдан баштап айдоочулук күбөлүк 100 сом 85 тыйын болот

26-ноябрь, 09:29
2 311 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктүн баасы 920 сом болчу.  Эми жаңы документтин баасы 100 сом 86 тыйынды түзөт. 

Кыргызстанда декабрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. 

Быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктөрдү бербей калган. Эски үлгүдөгү бланктар жок калып, жаңысы басыла элек болчу. Андыктан айдоочулар убактылуу карточкаларды алып, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасоо муктаждыгы келип чыккан. Себеби буга чейинкилери 2011-жылдан тарта бериле баштагандыктан жаңы коргоо элементтерин киргизүү керек болгон.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалгасы жакшырып, сапаттуу материал (поликарбонат) колдонулган. Кишинин сүрөтү жана маалыматтары лазер менен жазылат. Бул өз кезегинде жазуулардын 10 жылга чейин өчпөй жүрүшүн шарттайт. Жалпысынан жаңы документте 20дан ашык коргоо элементи болот.

Документти даярдоо тендери 8-августта өткөн. Аны эки компания жеңип алган. Алар: Казакстандын улуттук банкынын банкнот фабрикасы бланктарды жасаса, “Госзнак” ЖЧКсы эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алып келет.

Жаңы документтин баасы 100 сом 86 тыйынды түзөт. Ал эми эски айдоочулук күбөлүктүн баасы 920 сом болчу.


Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер