Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырууда

Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырууда

25-ноябрь, 12:10
2 396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Активист, «Реформа» партиясынын мүчөсү Эркин Нурбаев президенттикке талапкер Садыр Жапаровду дебатка чакырды. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

“Акыркы саясый окуяларды эске алып, мен парламенттик башкаруу формасынын жактоочусу катары Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыктым. Кечээ Садыр Жапаров январь айында бир маселе боюнча — президенттик же парламенттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Анын оозунан чыккан ар кандай сөз эми акыркы чындык катары кабыл алынат. Бирок, ал жаңы Конституцияга каршы чыккандар – эч нерсени түшүнбөгөн жаштар экендигин айтты. Эмне үчүн жалпы элдин алдында дебатка чыгып, ким туура, ким туура эмес экенин көрсөтпөйбүз?” деди Нурбаев.

Нурбаев эгер Садыр Жапаров чакырууну кабыл алса, аны менен дебатка чыгууга даяр экенин кошумчалаган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер