Мадин Итикеев, серепчи: “Саясатка чет жерде окуган билимдүү жаштар келгенде гана өсөбүз”


-- Жаңы шайлоо системасы таза шайлоону алып келе алабы же аралыктан шайлоо процесси тескерисинче талаш-тартыш жагдайды жаратып, күмөн саноону көбөйтөбү?
-- Өтө актуалдуу суроо бердиңиз. Анткени, ар бир шайлоо системасын түшүнгөн адамга ар кандай ой жаратат. Менин жеке пикиримде, “шайлоо таза өтөт” деген ишенимдемин. Аралыктан шайлагандардын пайызы азыраак эле болот деп ойлойм. Шайлоонун жыйынтыгы жергиликтүү элдин добушу менен чыгып, аралыктан шайлоо күмөндүү ойду деле жаратпайт деген пикирдемин. Аныгы кандай болорун убакыт көрсөтөр... Бирок, бул шайлоо накта мыктыларды иргеп алган, талапкерлер чындап элдин элегинен өткөргөн шайлоо болсо. Эң башкысы, элибиз анализ жасаганды өздөштүрүп, мыктысын шайлап алса экен. Бирок, биздики баягы таяке-жээн, уруулаштар, достор, куда-сөөктөр жана коллектив менен классташ, курсташтарына, жердештерине таянышы мүмкүн. Анан да жаңы мода чыккан 85тер, 91лер, 93төр деген. Ал нерсе дагы шайлоого таасир бериши күтүлөт. Айыл-айылдар баягыдай эле топ-топко бөлүнүп калышы толук ыктымал. Бирок, элибиз акылдуу болуп калды. Шайлоо өткөндөн кийин кайра ынтымакта жашоо керектигин сезип, аңдап калышты. Талаш-тартыш ар бир шайлоодо болуп келген жана боло берет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей нерселер менен коштолушу да ыктымал.
-- Бул шайлоодо чындап элдин элегинен өткөндөр шайланабы же капчыктуулар басымдуулук кылышабы?
-- Антип кесе айтыш кыйын. Баардыгы элден көз каранды. Менимче, аралашып эле келет. Анткени, “бул биздин бала” дегендердин мууну өтө элек. Акчалуулар көбүрөөк келиши мүмкүн. Себеби, алар ар кайсы ыкма менен күрөшүп көнүп алышкан да. Анан да 1000 агитатор жалдаганга уруксат берилди. Чынында ар бир талапкер миңден үгүтчү алганы ашыкча. Мынча үгүтчүгө айлыкты байлар эле төлөй алышат. Шайлоодогу күрөөгө коюлган кайтарымсыз 300 миң сом ортозаар кишилерди оюндан чыгарат. Каражат жагын эске алганда, бизнесмендер, курулуш компаниясы барлар жана базаркомдор көпчүлүгүн түзүп калышы мүмкүн. Бирок, пиар жасаганды жакшы билгендер да бирин-экин кошулуп калат болуш керек. Кыскасы, бул шайлоо элдин саясый сабаттуулугуна жараша болот. Элдин элегинен өткөндөр аз келишсе да адам болгондон кийин алардын деле кемчиликтери чыгат да.
-- Эл талапкерлерди кайсы критерийде тандаса, парламенттин кадыры көтөрүлөт эле деген ойдосуз?
-- Эл талапкерлерди кесипкөйлүгүнө жараша тандаса, өтө сонун болмок. Биздики подписчиги көптүгүнө, популярдуулугуна карата деле шайлап коё бере турган деңгээлде. Парламенттин кадыр-баркы жакшы билим алган, мекендин баркын билип, жандили менен сүйгөн, кыргыз эли үчүн жанын берген, ичкен ашын жерге койгон жаңы муун келгенде көтөрүлөт. Арасында кошоматчы, “пахтакорлор” аз болгондо, тартынбай өз оюн эркин айтып, саясатка чет жерде окуган билимдүү жаштар келгенде гана өсөбүз. Мени жаман көргөндөр четтен чыгыш мүмкүн, “бизден окугандар эмне караңгы болуп калабы?” дешип. Тилекке каршы, акыркы отуз жылда кандай окуу болгонун жакшы билесиздер го. Сатылма диплом, сырттан окуган диплом менен төрт жылда төрт жолу окуу жайга келип, зачёт, экзамендерин кураторлор бүтүрүп койгон билим менен эмнени кыйратышат? Атагы таш жаргандардын деле дипломдору ашмалтай болгонун акыркы он жылдагы тарых айтып турбайбы. Ошондуктан чыныгы билимдүүлөр келгени жакшы. Эми мурункудай элди “мектеп салып берем”, “спорт аянтча куруп, көчөгө таза суу алып келип берем” дей алышпайт. Аны өкмөт өзү кылып калды. Мыйзамды жакшы билген, келечекте иштей турган мыйзамдарды жазган мыктылар келгенде, парламенттин аброю көтөрүлөт. Президенттик башкаруу болгону менен ошого баланс жарата ала тургандар келгенде Жогорку Кеңештин аброю көтөрүлөт деп ойлойм.
-- Эмнеге кыргыздарда баары эле депутат болгусу келе берет, же депутат болуу ушунчалык жеңилге туруп калдыбы?
-- Ар бир парламенттин иштеп кеткенине жараша эл арасында аты бар. Мисалы, эл ичинде “легендарлуу парламент”, “чимкирик парламент”, “балык парламент”, “пахтакор парламент”, “чөнтөк парламент” деп айтылып, тарыхта кала берет. Бирок, ошого карабай эле ар бир баш көтөргөнүбүз эле депутат болуп, тарых калтыргыбыз келет. Бул биздин каныбызда бар. Эмне үчүн “легендарлуу парламент” дебейсизби? Анткени, көпчүлүгү терең билим алган, саясый багытты буруп, жол баштай ала тургандар келечекти боолголоп, ошого жараша мыйзам жаза алган патриоттор көп эле. Кийинкилердин көпчүлүгү “ай, акчаң болсо болду” деп атып, “кустурацияга” да тушугушту. “Таңгөрү, тиги деле депутат болбодубу?” деп жүрүшүп, парламенттин баркын түшүрүштү. Мурунку шайлоолордо бандит чалыш, спортсмен өңдүү, эки сөздү жакшы жалгаштыралбагандар деле отурушту мандат кармашып. Эми кимиси болсо деле багын сынап көрүшсүн. “Көч бара-бара түзөлөт” демекчи, “караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан”, күчтүү депутаттар келишсе, кыргызга жакшы болот эле. Эми баарына бата берип коё берели, багыңа түшсө бакырай, чегиңе түшсө чекирей дегендей. Азыркы бийликтин позициясы жакшы, баарына тең карап тургансыйт. Мурун “батасын алып коюптур” деп эле ыйкы-тыйкы болуп жатышчу. Азыр андай кеп жок. Кыргыз үчүн шайлоонун тынч өткөнү ийгилик. Анан да округдарга бөлүп койгондон кийин шайлоо оюндары башка эрежеде өтөрү күтүлөт деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити











