Сөгүштөн башы чыкпаган Нурланбек Бурканов дагы мүдүрүлсө, аёосуз жаза алары болжонууда

Ноокат РИИБдеги башаламандыктан кийин Ош ОИИБ начальниги Нурланбек Бурканов катуу сөгүш алган. Андан кийин деле ишин жөндөп кетпеди. ИИМдин акыркы коллегиясында жетекчиликтен жеме угуп, кайрадан кагуу жеди. Ачык айтканда, иштей албай атканы ушулбу? Аз күн мурда Кара-Суу районунан мектеп окуучусу ур-токмоктон улам каза тапты. Жергиликтүү милициянын ишмердиги көңүлгө толбой Кара-Суу РИИБ начальниги Тилек Өмүралиев кызматтан кетти. “Балык башынан сасыйт” деп кыргыздар бекер айтышпайт. Ош ОИИБни оңгулуктуу башкара албай Нурланбек Бурканов отурса, анан райондук милиция кайдан иштесин? Ансыз да жалпы өздүк курам облус жетекчисин тоготушпаса, абал чатак го? Аз күндө дагы бир милицияга байланыштуу чоң жаңжал, же жүрөктү тилген жамандык болуп кеткиче “кашаң кадрды” кетиришпейби? Аз калды окшойт. Өздүк булагыбыз билдиргендей, ИИМ жетекчилиги Ош облусундагы коомдук-коопсуздук абалга ичи чыкпай, ачууланып жатканын уктук. Нурланбек Бурканов кайрадан мүдүрүлсө, муну эми эч ким аябаса керек. ИИМдин ички иликтөө кызматы да араң карманып тургандыр...
"Азия Ньюс" гезити