Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Сүрөт) Үрөй учурган кырсык: беш адам жана кичинекей кыз каза болду

(Сүрөт) Үрөй учурган кырсык: беш адам жана кичинекей кыз каза болду

27-июнь, 20:49
1 536 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

27-июнда Жайыл районунда болгон унаа кырсыкта жаракат алган кичинекей кыз эс-учуна келбей каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

Жайыл райондук аймактык ооруканадан билдиришкендей, каза болгон кыз 7 жашта болчу. Ал ооруканага абдан көп жаракаттары менен жеткирилген.

«Колу-буту, баш сөөктөрү сынып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал жерден каза болуп калды», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

27-июнда эртең мененки саат 6:00 чамасында Жайыл районунун Сосновка айылына бара жаткан жолдо унаа кырсык катталып, 5 адам мерт болгону кабарланган. 

Маалыматка караганда, «Лексус» унаасынын айдоочусу башкарууга ээ боло албай калып, каршы тилкеге чыкканда «Фура» менен кагышкан.

Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы кырсыктын болгонун тастыктап, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык Бишкек–Ош унаа жолунун 69-чакырымында (Бекитай айылы) болгон. Жолдо «Лексус RX350» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу «МАН» унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (3 аял, 1 эркек жана 1 бала) каза болуп, кичинекей 1 кыз жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Аталган жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу барып, каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 





“Турмуш”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер