Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңиш чокусунда жоголгон ирандык альпинисттер табыла элек

Жеңиш чокусунда жоголгон ирандык альпинисттер табыла элек

10-август, 12:31
1 650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө иштери уланып жатат.

Тышкы иштер министрлиги туристтерди издөөгө куткаруучулар жана тик учактар тартылганын, издөө 6-августтан тарта жүрүп жатканын кабарлады. Азырынча иш натыйжасыз.

“Азаттык” радиосуна “Ак-Сай Тревел” туристтик компаниясы билдиргендей, Жафари менен кошо жоголгон дагы бир турист Саид Мирзаи бийик аскадан Кытайдын аймагына кулап түшкөнү божомолдонууда. Мехри Жафаринин Фейсбуктагы баракчасында анын туугандары 8-августтан тарта “Мехрини табууга жардам бериңиздер?” деген кайрымдуулук акциясын баштады. Эске салсак, 2008-жылы Жафари Хан-Тенгри чокусуна чыккан биринчи аял альпинист болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер