Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажонун кыжырына тийген эрке министр

Ажонун кыжырына тийген эрке министр

23-декабрь, 15:09
845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар дайым ыр-чырдын, ызы-чуунун үстүндө жүргөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көзүнүн көгөргөнүн балатыга шылтап жатыптыр. Акбай Сарыбаев, Бактияр Бейшеналиев сыяктуу кесиптештеринин жүйөлүү айтып жаткан сындарын кабыл албай, өзүн реформатор катары көрсөтүп, Россияны дүйнөлүк цивилизацияга кошуп, шаар куруп, өнүктүргөн Пётр биринчиге салыштырганы акыл токтоткон адамдын сөзү эмес. Ал ачуудан уурттап алып, анан ошонун күүсү менен өзүн Пётр биринчиге, Ататүрккө салыштырса жараша берет. Алымкадыр Бейшеналиев системаны реформалаганды мындай кой, жөндөп чогулуш өткөрө албаганын көрдүк го. Кардиологиялык борбордун эмгек жамааты тытып жеп коё таштаганда араң качып чыкты. Минстрлик кызматтын кадырын кетирбей, жигит болсо өз арызы менен эле кетип калбайбы. Кыйын врач болсо скальпели менен деле жан багат эле да. Соңку убакта ажонун кыжырына тийген министр катары айтылууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер