Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Садыков жайсаңчы Бакчиевди колдобойт го?..

Ректор Садыков жайсаңчы Бакчиевди колдобойт го?..

10-февраль, 23:26
834 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызда “жердешчилик” деген жаман оору бар. Ылаң экенине карабай, анын убайын көрүп жүргөндөр четтен чыгат. Ошондойдун бири Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакыт Жайлообаев. Аны жердеш авалары Сыртбай Мусаев, Турусбек Маразыковдор “сүйрөп” алып келишкен, ушундай жердешчил аракеттердин натыйжасында, азыр кыргыз тил илими кафедрасынын 80 пайызын көлдүктөр түзөт. Алар жердешчилик иштеринен уялышпай, тескерисинче, эрдик катары эсептешип, башкалардын баарын душман санашып, “өлсөк бир чуңкурда бололу, тирүү болсок бир кафедрада жүрөлү” деп шерттешкенби? Көлдүктөр чуркап жүрүшүп, Бакыт Жайлообаевди декан кылып шайлашкан, “эмки ректор шайлоодо көлдүктү шайлайбыз” деп азыртан камынып жатышканы ыраспы? Өзгөчө декан Бакыт Жайлообаев катуу даярдык көрүп, көлдүктөрдүн тизмесин сураштырып, орун бошоп калса ишке алына турган тизмесин даярдап жүргөн имиш. Ушундай “асыл” максатын жүзөгө ашырыш үчүн Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Абдыкадыр Садыковду биринчи кароолго алат, себеби, ал азыр сыркоолоп жүрөт. Кафедра башчылык орунду бошотуш үчүн декан Б.Жайлообаев профессор А.Садыков өз абалын түшүндүрүп кат жазганына карабай, “бөрү карысын жекелейт” деген принцип менен “Садыков ооруп жатат, иштен кетирип бергиле, кафедра башчылыгын өткөрүшү керек” деп юридикалык бөлүмгө барса, алар “муну өзүң чечишиң керек, эч кандай негиздемеси жок чара көрүүгө болбойт” деп жооп беришет. “Эки тизгин бир чылбыр өзүмдүн колумда турбайбы” деп кымыңдаган декан “адегенде бошой турган орунга киши таап алайын” деп сурамжылап издештирип, кайындары тараптан да караштырып, акыры көлдүк жердеши Талантаалы Бакчиевди тааптыр. Анысы акыркы кезде ат тезегин кургатпай Жайлообаевдин кабинетине каттап жүрү. Талантаалы Бакчиев болсо “Манасты” бурмалап, мазактап жүргөн Бүбү Мариямды мактап жазган жайсаңчы эмес беле? Ал жайсаңчылардын “Манасты арбактар айтып берет” деген идеясына “теория” болуп берүүчү китеп жазган. Дагынкысы дагы бар дегендей, Бакчиевди И.Раззаков атындагы университети “Манасты окутсун” деп ишке алышса, студенттердин башын айландырып, “Манаска” арбактарды аралаштырып окутуп, баа койбой, студенттерди артынан чуркатып, кыйнаганын азыркыга чейин “баягы Бакчиевче” деп ылакап кылып айтып жүрүшөт. Бул үчүн кафедра башчысы Аалыбек Акунов менен урушуп, иштен бошоптур. Жердеш авасы, атактуу мударис Кусейин Исаев “Бакчиевди политолог кылам” деп жакшы эле сүйрөдү. Бирок, политологдор принципиалдуу эл экен, “диссертациясы начар, жарабайт” деп кулатып коюшту. Анан арбактарды аралаштырып жазган ишин адабият боюнча диссертациялык  кеңешке алып келип, ар кимди ортого салып жатып коргогонбу? Жердештери Эмил Каптагаев, Самат Ибраев, досу Каныбек Иманалиевдер жайсаңчы Талантаалы Бакчиев үчүн суранып, ортого түшүп көнүп калышкан. Азыр да “Бакчиевди ишке ал” деп КУУнун ректоруна жалдырашат го? 

Декан Б.Жайлообаев эмне үчүн Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын Н.Сыдыков, А.Медетов, М.Бокешова өңдүү таланттуу илимпоз, күчтүү адистери менен кеңешип, алардын талапкерлигин карабай, сырттан издеп жатат? Себеби, алардын бири да декандын жердеши же кайын журту эмес. Т.Бакчиев болсо жердеши, Манас жана Ч.Айтматов академиясына чуркап, ар кимге өзүн мактатып, бирок, өтпөй калды. Эптеп илимий даражага ээ болгон Т.Бакчиевге азыр карьера көзүнөн учуп турган чагы. Кыргыз филология факультети декан Б.Жайлообаевдин профессор А.Садыковго карата жасаган мамилесине нааразы, ооруп жаткан кызматкеринин ал-жайын сурап коюш жетекчинин милдети экенин ал билбейт экен, тескерисинче, интрига жасап, жаман жоругун көрсөтүп жатат. Аталган факультет декандын жердештерин, кайындарын тегерегине топтоо боюнча жүргүзүп жаткан “саясатын” колдобойт, алар мындай протекциялык иштерге башынан каршы. 

Ал эми кыргыз филологиясы факультетинин эмгек жаматы Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыков декан Б.Жайлообаевдин жердештерин, кайындарын тегерегине топтоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерине туура баа берип, бөгөт коюп, “Манасты” жазып зоболосу көтөрүлгөн атасы Жалил Садыковдун арбагын ардактаса, “Манасты” бурмалап жүргөн жайсаңчы Т.Бакчиевдин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасына келишине жол бербей турганына ишене тургандыктарын билдиришти. 


Эрмек Кырчыбеков

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер