Акыркы кабарлар
» Саясат » Алтынбек Жумаев иштей албай интрига менен алекпи?
Алтынбек Жумаев иштей албай интрига менен алекпи?
02-май, 09:00
361 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Жумаевге Акүй-Көкүйдөгүлөр көмүскөдөн нааразы боло башташтыбы? Бул боюнча өздүк булагыбыз билдирди. Ал милдетин так аткаруунун ордуна интрига менен алектенип, айрымдарга асылып, көшөгө артынан көкөйгө көк таштай тийип атканы кабарланды. Өлкөдөгү абалга жараша алдын ала анализин, идеологиялык багытын, пиар-менеджерлик жөндөмүн көрсөтө албай, аксап калганын кантебиз? Анан калса, шефти башкалардан кызганып, майдаланып, түшүнүксүз атмосфера түзүп атканы таңгалдырды. Эрегишүү, интрига, чыр-чатак байыр алган жерде ырааттуу иш жүрмөк беле? Биз мындан аркысына да көз салып, тереңинде кандай маселелер жаралганына көңүл бурмакчыбыз. Албетте, калыс мааниде.
"Азия Ньюс" гезити