Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Туманбаев ипотеканын ишпалдасын чыгардыбы?

Каныбек Туманбаев ипотеканын ишпалдасын чыгардыбы?

25-декабрь, 20:18
1 384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган үйлөрдү ээлерине тапшырды. Бул үйлөрдүн салынышы боюнча тарыхта болбогондой даңазалашты. Бирок депутат Чыңгыз Айдарбековдун ипотекалык тизмеде тургандардын кезеги жылып, арткы орунда тургандар, акчалуулар батир алып жатканы тууралуу билдирүүсү күдүк ойлорду жаратууда. Чындап эле ипотекалык компания ажарына чыкпай катардагы “кооперативге айланганы жөнүндө карапайым адамдар да айта баштады. Анткени, Каныбек Туманбаев киргизген “50 пайыз төлөп, кезексиз батирге ээ бол деген коммерциялык түшүнүк ипотеканын ишпалдасын чыгарган экен.

Мамлекеттик ипотека менен кезекте турган жарандарды үйлүү кылуу 2022-жылы токтотулган. Президент Садыр Жапаров: “Акча бергенди токтотолу, үйдү мамлекет өзү салат деген эле. Эгерде токтотулбай ошол бойдон улана бергенде үч жыл ичинде кеминде 2-3 миң адам үйлүү болмок. Үч жыл күттүрүп коюп, быйыл араң миң батир бүттү го?..

Бүткөнү эчтеке эмес, орустар “аппетит приходят во время еды” деп айтмакчы, кызыктын бары ипотекалык компаниянын үйлөрү курулуп бүтөр жылы башталды. Каныбек Туманбаев батирлердин баасын 550 доллардан 850-950 долларга кымбаттатып, ошонун 50 пайызы барларга кезексиз сата баштаптыр. Элестетиңиз... Жер бекер, коммуналдык кызматтарга кошулуу бекер. Жеке менчик курулуш компаниялар кездешчү тоскоолдуктар жок. Батирдин баасы болсо 850-950 доллар. Жакшы район саналган Скрябин, Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн баардыгын 850-950 доллардан акчалуу адамдарга сатып жиберишиптир.   Бул кызылдай коммерция эмеспи...   

Быйыл президент тапшырган миң чамалуу батирдин 70 пайызы ошентип акчалуу адамдарга сатылып кетиптир. Эми болсо Каныбек Туманбаев күткөн жаныңар дагы күтө тургула деп дагы пиар жасап жүрөт. Ансыз деле үч жыл күтүшпөдүбү деп айтар киши жок. 

Президент Садыр Жапаров кезек күткөн бей-бечаралардын нанын талаштырбай, Каныбек Туманбаевге “Туманбаев 50 процент” деген кооператив ачып берип койсо туура болмок экен... 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер