Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Рахман: “Миграциянын айынан биз кандайдыр бир муунду жоготуп жатабыз”

Медер Рахман: “Миграциянын айынан биз кандайдыр бир муунду жоготуп жатабыз”

24-апрель, 21:57
590 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин алдындагы миграция кеңешинин катчысы менен маек.

-- Учурда мигранттарда кездешкен кайсы көйгөйлөрдү баса белгилеп айтып кете аласыз?

-- Мекендештерди кыйнаган эң негизги көйгөй – бул сыртка чыгып кеткенден кийин ошол жерден пайда болгон көйгөйлөр менен күрөшүү. Мигранттарда кездешкен бир топ кыйынчылыктарды жеңилдетсе болот, эгерде Кыргызстандан чыга электе түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк. Себеби, өрттү өчүргөнгө караганда алдын алуу бир топ оңой да. Биз, тилекке каршы, дагы деле келип чыккан натыйжалар менен күрөшүп жүрөбүз. Негизи көйгөйдүн өзөгүнө – келип чыгыш себептерине көңүл буруп, ошону чечип алсак жакшы болот эле. Анын себептери дагы деле сабатсыздык, мыйзамды билбегендик. Бара турган мамлекеттердин тарыхын, тилин, маданиятын, мыйзамдарын окубагандык жана алар менен таанышпагандык. Андан сырткары, сыртка чыгып бараткан биздин жарандарга Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, тилин жана ошондой эле миграция жаатындагы мыйзамдарын да окутуп чыгарышыбыз шарт. Ал үчүн эл көп чогулган жерлерде айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. 

Тилекке каршы, акыркы күндөрү мигранттардын этикалык жактан да терс жактарын көрсөткөн учурлары арбын. Өзүн көчөдө алып жүрүү, сүйлөшүү маданияты, адам менен болгон мамилесин айтар элем. Кечээ жакында эле Москва шаарынын эскалаторунан көтөрүлүп келе жаткан жаш балдар-кыздар гитара менен айылда жүргөндөй ырдап, бакырып баратышат. Бөтөн жерде этиканы сактап, алардын талабы менен жашаган оңдуурак.

Тереңирээк токтолсок, биздин мекендештердин укугун коргоо биринчи кезекте турат. Дагы баса белгилеп айтчу маселе – кыргыз тарыхынан, маданиятынан алыстап жаткандыгы. Биз кандайдыр бир муунду жоготуп жатабыз. Себеби, эне тилди билбей калгандан кийин аларды кайтаруу бир кыйла татаал болот. Тилекке каршы, тилинен, тарыхынан ажыраган муунду кайра жаратуу оор. Ошол көйгөйлөрдүн үстүнөн бир топ иштерди алып баруу зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер