Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШда сууктан каза болгондордун саны 55ке жетти

АКШда сууктан каза болгондордун саны 55ке жетти

27-декабрь, 12:20
399 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Америка Кошмо Штаттарындагы бороондон каза болгон жарандардын саны өсүп жатат. «NBC» басылмасы 55 адам көз жумганын билдирди. Маалыматка ылайык, адам өлүмү 12 штатта: Колорадо, Иллинойс, Канзас, Кентукки, Мичиган, Миссури, Небраска, Нью-Йорк, Огайо, Оклахома, Теннесси жана Висконсинде катталган.

Маркумдар жол кырсыктан же тоңуп калып көз жумушкан. Мисалы, Мичиган штатында 82 жаштагы кемпирдин сөөгү карылар үйүнүн алдында кар үстүндө жатканда табылган. Буга чейин синоптиктер бороон болорун, ал адам өмүрүнө коркунучтуу экенин эскертишкен. Ошондой эле АКШда 100 миңдеген адамдар электр энергиясыз калды. Аба каттамдары да үзгүлтүккө учурап жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер