Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чачтын агаруусун кантип алдын алуу керек?

Чачтын агаруусун кантип алдын алуу керек?

15-ноябрь, 13:04
917 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чарчаган көз караштар менен бет терисинин бошоң тартышынан тышкары агарган чачтар организмдин картайып бара жатканынан кабар берет. Косметологиядагы мыкты жетишкендиктерге карабай ак чачтарды дарылоо бүгүнкү күндө аны боёп коюу менен гана чектелет. Ошентсе да чачтын агаруусун алдын алуунун бир нече ыкмалары бар. Аларга көңүл буруңуз!

Чач боёчу каражаттарга көп учурда аммиак кошулат. Ошондуктан хна жана шалфейди табийгый чач боёчу каражат катары колдонсо болот.

Негизинен чачка түс берип турган бул меланин. Ал териге дагы, чачка дагы түс берет. Организмдин улгаюусу менен меланинди иштеп чыгуу жай болуп калат. Ак чачтардын алдын алыш үчүн меланиндин иштелип чыгуу процессине көңүл буруу кажет. Бул үчүн дарыгерлер бир нече дарыны сунушташат.

Ошондой эле эвгенол майы, Омегa-3 шампундарын колдонуу, меланинди чачка сүртүү, А, В12 витаминин колдонуу пайдалуу.

Стресс чачты бат агартат, ошондуктан аны мүмкүн болушунча азайтыңыз. Туура тамактануу эрежелерин сактап жүрүңүз. Ошодо чачыңыз жакшынакай өңдө болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер