Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мушташтан жеңилип, согуштан жеңүү керек

Мушташтан жеңилип, согуштан жеңүү керек

04-март, 09:00
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1940-жылдын июнунда француз өкмөтүнүн башчысы, маршал Анри Петен немецтерден элдешүүнү суранган. Ага чейин өкмөт башчысы болуп турган Жан Рейно фашисттик Германияга катаал каршылык көрсөтүүнү жактай турган. Бирок маршал Петендин бул кырдаалда өзүнүн тактикасы бар эле: ал Франциянын үчүнчү рейхти жеңүүгө кудурети жетишине ишенбеген, ошондуктан, элдешүүнү активдүү колго алган. Ооба, Париж   кулады, бирок аскерлердин жана жай тургундардын арасындагы жоготуулар да аз болгон. 

Азыр гана президент Садыр Жапаров өткөн жылкы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда ок атууга буйрук бербегенинин себеби түшүнүктүү болду. Ал убакта конфликт курч мүнөзгө өтүп кетүү тобокелчилиги жаралган: ошол убакта эле эки тараптан ондогон адамдар курман болуп, жүздөгөн адамдар ар кандай жарааттарды алганы айтыла баштаган. 

Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жогорку колбашчысы жалынды тутанар алдында өчүрүүнү туура көрүп, эскалацияга барган жок. Кыргыз аскерлеринин күчөбөгөнүн көргөн тажик аскерлери да демин суутканга аргасыз болушту, а чек арада бир нече убакыттан кийин табыгый түрдө тынчтык орноду, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө жол ачып берди. 

Учурдагы Украина кырдаалында да Киев тараптан ийкемдүү мамиле керек болууда. Эгер каршылык көрсөтүүнүн градусу күчөсө, Россиянын аскери кубаттуулугун жогорулатат, артыкчылык орус тарапта болот. Ошондуктан, эң башкысы адам өмүрлөрүнүн кыйылышына жана дагы башка зыяндарга жол бербөө үчүн Назалежная жетекчилиги Москва менен мындан аркы кагылышуудан баш тартып, көрөгөчтүгүн, саясый ийкемдүүлүгүн көрсөтүшү керек.

Башкача айтканда, мушташтан жеңилип, мааниси өзүнүн миңдеген жарандарынын өмүрүн сактап калуу болот, бул – согуштан жеңип чыгуу менен барабар.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер