Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттар Акаев менен Сулайманов ИИМге сурак бергени кирди

Депутаттар Акаев менен Сулайманов ИИМге сурак бергени кирди

15-сентябрь, 18:27
1 428 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов ички иштер министрлигине суракка кирип кетти.

Анын алдында депутат Жанар Акаев анын аты аталып жаткан аудиодо айтылгандарды “каралоо деп атады. Ал эми Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусу боюнча чакырылганын билдирди.

Буга чейин Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атаган. Ал Фейсбук баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деген.

Интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанар Акаевдин аты аталган.

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып, кармалган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин айтып, тинтүү жөнүндө токтомду көрсөттү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер