Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Казакстанга сууну коё берип жатышат, эми азап тартабыз”

Расул Умбеталиев: “Казакстанга сууну коё берип жатышат, эми азап тартабыз”

07-август, 11:16
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйыл аба ырайы салкын болгондуктан, мөңгүлөр жай эрип, келе турчу суулар тартылганын айрым бийликчил эксперттер айтып чыгышкан. Ошондой эле суунун тартыштыгы бир гана Кыргызстан үчүн эмес, жалпы регионго мүнөздүү экени бааланган. Бирок, энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев бийликтегилерге макул эмес. 

Токтогул суу сактагычында 2019-жылы 1-августка карата 16 млрд. 490 млн. кубометр суу топтолгон. Ал эми 1-сентябрда 16 млрд. 997 млн. кубометрге көбөйгөн. 1-октябрда болсо 17 млрд. 215 млн. куб болгон. 1-ноябрга 17 млрд. 034 млн. кубометр суу калган.

Ал эми 2020-жылы 1-августка карата болгону 14 млрд. 028 миң 94 кубометр суу топтолду. Башкача айтканда, былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 млрд. кубометрге аз. Эгер былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырсак, 17 млрд. кубометр суунун топтолушу күмөн туудурат.


-- Суу жетишсиздиги болору айтылууда. Сиз буга кошуласызбы?

-- Сууну эмнеге коё беришти? Улуттук «Энергохолдинг» “сырттан 2021-жылдын жаз айларына чейин бир млрд. кВт/саат электр энергияны бир кВт/саатын 2,4 центтен (сомго айлантканда эки сомдон) сатып алабыз” деп жатат. Бул чек арадагы баасы, ал эми ташып келиши жана бөлүштүрүүсү менен үч сомдон сатып алабыз. Өзүбүз болсо жайында сууну агызып, аларга итбекер экспорттодук. Бул – мамлекетке жасалган чыккынчылык, өз өлкөсүнө жасалган экономикалык диверсия!

Бүгүнкү күндө суу бизге жетишсиз болууда. Ага карабай, Казакстанга сууну коё берип жатышат. Бул – кыргыз элине болгон экономикалык чыккынчылык, кыргыз элин сатуу болуп жатат! Кыш мезгилинде биздин жарандар таажы вирусунан эмес, сууктан пайда болгон оорулардан азап тартат. Азыркы энергетика кызматкерлери кышында элди толук камсыздай албайт. Ошого карата жылуулук, электр энергиясы жетишсиз болуп калышы толук мүмкүн.

“Энергохолдингдин” жетекчиси Айтмамат Назаров “биз кыш мезгилинде жогору баа менен Казакстандан алганга мажбурбуз” дейт. Экономикалык абалыбыз бул болсо, эл кантет? Мамлекеттик кызматкерлердин стратегиялык жана жооптуу чечим кабыл алышына эмне тоскоолдук кылат? Кыязы, Кыргыз Республикасынын президенти энергетика тармагындагы кризис жөнүндө ишенимдүү жана так маалымат ала албайт окшойт. Кыргыздын макалында айтылгандай, "Кудайга ишен, бирок ката кетирбе" дейт. Кыштын суук күндөрүндө кыргыз элин кыйынчылыктарга дуушар кылуу – өтө жагымсыз жана келечектүү эмес. Дээрлик баардыгы мамлекеттик кызматкерлердин жана энергетика тармагынын жетекчилеринин туура жана чечкиндүү иш-аракеттеринен көз каранды. Илгери экономикалык чагымчылык үчүн жана улуттук кызыкчылыктарды сатканы үчүн мындай жетекчилер катуу жазаланышкан.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер