Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Башкаларга караганда Байсаловдо баш бар экен...

Башкаларга караганда Байсаловдо баш бар экен...

29-май, 10:15
725 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Болору болду, боёсу канды” дейт. Эки тентек кыргыздын айынан 18-майда жаалданган жаштар толкуп, пакистандык студенттердин жатаканасын талкалашып, кордук көрсөтүшүп, ур-тепкиге алышып, анан калса тоноп да кетишкени кабарланды. Милиция убагында чара көрө албай, кайдыгерлигин шардана кылганы жашыруун эмес. Меймандос элибизди айрым ашачапкандар булгап салышты. Эл аралык коомчулуктун үрөйү учуп, АКШ, Индия, Түркия, Пакистан ж.б. өлкөлөрдүн жетекчилери тынчсызданышып, өз жарандарын Кыргызстандан алып кетүүнү айтып чыгышты. 

ИИМдин маалыматы боюнча алсак, 13-майда эки кыргыз бала пакистандыктардан тамеки сурашып, уруш чыгарышып, алардын жатаканасына чейин бастырып барышып, бейбаштык жасашыптыр. Натыйжада, таяк жеп калышкан. “Өзү тийишкен бала ыйлабайт” дечү эле. Тилекке каршы, ошол экөө токмоктолгонун улам козутуп отуруп, интернетке чыккан видеолору бир беткей жайылып, “кыргыздарды пакистандыктар сабап салды” дешип, түшүнбөстүктөр жаралган. Маселенин өзөгүн билишпей эле көпчүлүк копшолуп, кызуукандуулук ойноп кетип жатпайбы. Ошентип, 18-майда котологон милицияга ээ бербеген миңден ашуун жаштар тополоң салышты. Пакистандыктар жабыркашты, жашаган жерлери талкаланып, тонолгону уят эй! Сырттан караганда жапайычылык көрүнүштү акыл-эстүүлөр жектеп жатышты. Дүйнөлүк коомчулук астында бетибиз кызарды. Ардандык, намыстандык! Биз качан мамлекет болобуз?..

Кайсы бир деңгээлде бийлик башчылары кооптонуп, коркуп кетишкени да байкалды. Кырдаалга көз чаптырып, саресеп салып аттык. Уучубуз куру эмес тура. Адатынча Эдил Байсалов гана адилеттүүлүктү бетке кармап, мамлекетчил деңгээлде аракетин көрсөттү. Айбыкпай, адатынча алдыда жүрдү. Пакистандык студенттерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын жабыр тартканына кейип, кайгысын тең бөлүшүп, бийликтин абийирин сактаганга далалат жасады. Кыргыздардын баары эле келесоо эмес экенин баса белгилеп, туура түшүнүүгө үндөдү. Ошого катар мейманды аздектеп, сыйлап аларын да жашырган жок. Ириде күнөөлүүлөр жазаларын аларын эскертип, мыйзам сакталарына ишендирди. Алдынан өттү. Башкаларга караганда Байсаловдо баш бар экен...

Натыйжада, туристтик сезондун алдында бетке чиркөө иш жасалды. Быйыл сырттан эс алуучулар, дээрлик бай коноктор келери күтүлүп аткан. 18-майдагы түнкү кырсыктан кийин алар келишеби, же бир тобу баш тартышабы? Айтор, мамлекеттин аброюна доо кетирип алдык. Качан деңгээлибиз көтөрүлөт?  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер