Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Маматаев: “Атамбаевди үй камагына чыгарсак, “Бакиевди алып келели” дегендер пайда болот”

Улукбек Маматаев: “Атамбаевди үй камагына чыгарсак, “Бакиевди алып келели” дегендер пайда болот”

13-декабрь, 09:00
1 022 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Депутат Жанар Акаев эгер баарын жаңы барактан баштай турган болсок, Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты. Сиз кандай ойлойсуз, чын эле экс-президентти үй камагына чыгаруу керекпи? 

-- Жанар Акаевдин айтканында кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Бул сөз акыркы учурда өлкөдө болуп жаткан окуяларга байланышкан. Эгер баары легитимдүү болсо, Атамбаевди абактан чыгаруу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес эле. А азыркы шартта бизде баарын нөлдөн баштоо зарылчылыгы жаралды. Эгерде “мыйзамдуулукка багыт алабыз, өлкөгө тынчтык жана өнүгүү орнотобуз” деген изги тилектерибиз бийик болсо, башка вариант жок – баарын ак барактан баштоого туура келет. Буга чейин болуп келген иштерди, саясый куугунтук дегендерди түп-тамырынан жок кылуу керек. “Саясый куугунтук” деген түшүнүктүн өзү болбошу зарыл. Путиндин жаңылануу саясатынан үлгү алып, биз дагы ал баскан жолго түшүп, Атамбаев жана башка саясатчылардын баарын абактан чыгарсак туура болот. Болбосо, алардын да тарапташтары бар, бул байланышкан иштерди саясый куугунтук, өч алууга төңкөрүп, туура эмес кабыл алгандар табылат. Ошондуктан, мен Жанар Акаевдин айтканына кошулам, Атамбаевди үй камагына чыгаруу керек. Чындаса, ар бир президенттин тарых алдында жакшы да иштери болгон. Мен буларды калыстык чегинен карап айтып жатам. Мага Атамбаевдин саясаты жаккан эмес, каршы пикиримди билдирип жүргөм убагында. Бирок азыркы шарт жагдайды эске алып, бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаалдан караганда, аны үй камагына чыгарылышын колдойм. Бийлик баарын нөлдөн баштагандан эч убакта коркпошу керек. Саясатчылардын көз карашы, пикирине карап эмес, адискөйлүк сыяктуу башка элге, жерге пайдасы тийе турган сапаттарына карап мамиле жасаса туура болот. 

Дагы бир нерсени айталы, биринчи президент Аскар Акаев көп жылдык куугундан кийин ушул жылы өлкөбүзгө келип кетти. Чынын айтканда, буга чейинки бийликтердин аны алып келгенге саясый эрки жеткен эмес. Андан кийин “Бакиевди да алып келүү керек” дегендер пайда болду. Атамбаев үй камагына чыгарылса да, ушул маселелер кайра көтөрүлөт. Булар бири-бири менен чырмалышкан, чынжырчага окшогон маселелер. 

-- Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбаев Зулпукаровго кылмыш ишин ачууга макул болбой коюшту. Алардын чечимин туура деп ойлойсузбу? 

-- Албетте, туура кылышты. Парламенттин 6-чакырылышы акыркы күндөрүн иштеп жатат. Жок дегенде ишмердүүлүгүнүн аягына чыгарына саналуу күндөр калганда, чындыкты, адилеттүүлүктү бир жолу айтып коёлу (!) дешти окшойт. Эгерде бул маселе Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна коюлганда, башкача чечим кабыл алынмак. Анткени, алар “алдыда дагы беш жыл иштейбиз, жаман көрүнүп калбайлы” деген түшүнүккө кептелишмек. Парламенттин канчалык күчтүү болгону бийликтин андан да күчтүү экенин билдирет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер