Акыркы кабарлар
» Коом » Ковидден биротоло кутулабызбы?
Ковидден биротоло кутулабызбы?
27-апрель, 18:46


Соңку суткада республика боюнча жети киши стационарлардан сакайып чыкты. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.
Кыргызстан боюнча ооруканаларда коронавирустан дарыланган оорулуу калган жок. Болгону үйдөн дарыланып жаткан 14 киши бар экенин саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Акыркы суткада ооруну жаңы жугузуп алгандар да катталган жок. Жалпысынан айтканда, пандемия башталгандан бери бул вирусту 200 миң 990 киши жуктуруп алып, анын ичинен 196 миң 393у сакайып кеткен. Ал эми каза болгондордун саны 2991ди түздү.
Эске салсак, алгач коронавирус жугузуп алгандар Кыргызстанда 2020-жылдын 18-мартында катталган. Ошондон бери ооруканаларда бул вирустан дарыланып жаткан эч ким калбай калган учур болгон эмес.










