Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев: “Кайра иштетүүнү колго алсак, азык-түлүктүн көлөмү 30%га чейин көбөйөт”

Жамин Акималиев: “Кайра иштетүүнү колго алсак, азык-түлүктүн көлөмү 30%га чейин көбөйөт”

27-апрель, 14:46
980 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун директору, академик менен маек.

-- Учурда азык-түлүккө болгон баалар күндөн-күнгө кымбаттап жатканын жакшы билебиз.  Ушул жагдайды эске алып, элди атамекендик продукция менен камсыздоону колго алса болобу? Кайсы айыл чарба өндүрүмдөрүн өстүрүүгө басым жасоо зарыл дейсиз?

-- Биздин өкмөтүбүз жакшылап киришкенде, баалардын обу жок көтөрүлүшүнө бөгөт коюлмак. Ал үчүн өкмөттүн өзүнүн баа саясаты болуш керек жана ошону чечкиндүү түрдө ишке ашырышы зарыл эле. Өнүккөн өлкөлөрдө баалар эбегейсиз кымбаттаганда, аткаруу бийлиги ага түздөн-түз кийлигишет жана алып сатарлар менен кызыл кулактарды баштан ары чабышат. Аларга ири өлчөмдөгү штраф салат, санкция киргизет, алтургай кылмыш жообуна тартат. Андан тышкары, салык саясатын колдонуп, ачкөздөрдү ооздуктайт. Биздин өкмөт болсо байкоочулук милдетин аткарып, бул орчундуу көйгөйдү ырааттай албай койду. Андай болсо монополияга каршы агенттиктин эмне кереги бар? 

-- Бизде өстүрүлгөн айрым продукциялардын жетиштүү экенине карабастан, эмне үчүн импортко артыкчылык берилүүдө?

-- Азык-түлүк коопсуздугун 9 түрдөгү тамак-ашы камсыз кылат. Ошонун үчөө менен гана, тактап айтканда, сүт, картөшкө жана жашылча менен өзүбүздү камсыз кыла алабыз. Ал эми калган: нан, кумшекер, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш, эт жана жумуртка менен калкыбыздын муктаждыгын 15%дан 55%га чейин гана канааттандырабыз. Ошонун кесепетинен биз импортко көз карандыбыз. А сырттан келген азыктар доллардын курсу менен келет. Ошон үчүн баа кымбаттап жатат. Демек, азык-түлүктүн баардык 9 түрүн өзүбүз өңдүрүшүбүз керек жана аларды элге туруктуу баа менен сатышыбыз зарыл. Буга бизде толук мүмкүнчүлүктөр бар. 

-- Импортко болгон көз карандылыкты жоюу максатында тийешелүү тармактар кандай иш-аракеттерди алып барыш керек?

-- Импорттон чыгыш үчүн биз быйыл эле буудайдын, кант кызылчасынын жана май берүүчү өсүмдүктөрдүн аянтын кеңейтишибиз зарыл. Мындан тышкары, өндүрүлгөн азык-түлүктүн ташып келүүсүн, анын сакталышын жана өз учурунда сатылышын камсыз кылышыбыз кажет. Кайра иштетүүнү колго алсак, анда азык-түлүктүн көлөмү 30%га чейин көбөйөт. Анткен себеби, алынган түшүм же өндүрүлгөн эт, сүт коромжуга учурабайт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер