Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Жусупбек Коргонбай уулу айткан фактыларды изилдеп чыгуу зарыл”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Жусупбек Коргонбай уулу айткан фактыларды изилдеп чыгуу зарыл”

09-апрель, 20:40
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Исхак Абсаматович, бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды. Кандай дейсиз, ушундай зарылдык барбы? 
-- Кесиптешим Жусупбек Коргонбай уулу айткан сөздөрдүн көп жүйөлүү жактары бар. Андыктан, көп сөз болбосун үчүн комиссия түзүлгөнү ашыктык кылбайт. Бирок менин пикирим боюнча, анын караган маселеси кененирээк болууга тийиш. Буга чейин канча министрлер келип кетишти, ошолордун, алар менен кошо өкмөт жетекчисинин да ишмердүүлүгүнө баа берип койсок болот. Негизи, комиссия түзүлүп, депутат айткан фактыларды бүт изилдеп чыгуу зарыл.
-- Алымкадыр Бейшеналиевди Жогорку Кеңеш эки жолу кызматка бекитип бердиңиздер. Эгер ал иштей албай, кемчилик кетирип жаткан болсо, мында кандайдыр бир деңгээлде депутаттардын да күнөөсү бар да?
-- Министрликке “уурдайм” деп барбайт да, “тармакты көтөрөм, мобул жерге оорукана ачам” деп программасын айтат. Депутаттар ошон үчүн макулдук берет. Анан иш процессинде кемчилик кетирсе, коррупцияга жол берсе, ал үчүн жооп берет.
-- Мен экинчи жолкусун айтып атам.
-- Экинчисинде сот тарабынан акталды деп келди да.
-- “Министрдин маселесин эртең, өкмөттүк саатта карайлы” деген да сунуш болду. Буга кандай карайсыз?
-- План боюнча эртең өкмөт толук курамы менен келет. Эртеден кечке чейин биз элибизди кыйнаган көйгөйлөр боюнча жалпы сөз кылабыз.
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер