Эмил Жороев: “Россиянын Орто Азия боюнча ар кандай геосаясый кызыкчылыктары бар”

-- “Орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр” дегендей, түрдүү пикирлерге түрткүлөгөн орус президенти Путиндин кадамдарына кандай ойдосуз?
-- Россиянын тышкы саясаты боюнча бизде көптөгөн ача пикирлер айтылып келет, “Тажикстанды колдоптур, Кыргызстанга тетири карап калыптыр” деген сөздөр болууда. Бул жерде так түшүнүү шарт. Россиянын Орто Азия боюнча ар кандай геосаясый кызыкчылыктары бар. Ал кызыкчылыктар Россиянын өзүнүн турумунун, өзүнүн ар кандай суроолорунун жетегинде чечилет. Бирөөгө жардам берели, бирөөсүнө тескери карайлы деген чечимдер менен чечилбейт. Эгер Тажикстанды колдогон болсо да, Россиянын кызыкчылыгы Тажикстанды бекемдөө, алардын колдоосуна ээ болуу. Бул айрыкча Ооганстандагы коркунучтарга байланыштуу. Экинчиден, тажик президенти Рахмондун Москвага барып, парадга катышып, 8-майда Путинге жолукканы расмий кабарларга караганда, мурдатан макулдашылган. Бирок чек ара жаңжалы боюнча да талкуу болгону жашыруун эмес. Кантип талкуулашканын, эмне деген сөздөр айтылганын биз так биле албайбыз. Так маалыматты кабарлар негизинде гана билип жатабыз. Байма-бай айтылган сөздөрдүн бири “Путин биздин бийликти кабыл албай жатыптыр. Мамлекетке ою түз эмес экен” деген маалыматтар айтылгандан бери балким Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин кайрадан жолугушарына шарт түзгөндүр. Менимче, Кремль кандай ойдо болбосун, эки тарапты ынтымакка, жакшы кошуна болууга чакырышат. Кыргызстандын расмий бийлиги, коомчулук өзүбүз чечишибиз керек. Бул маселелер Бишкек менен Душанбе ортосунда гана чечиле турган маселе экенин баалап карашыбыз зарыл. Үчүнчү тарапка шылтап коюу же аларга ишеним артуу бизге пайдасыз, кооптуу.
-- АКШ “Кыргызстан менен Тажикстандын чатагы бүтө элек” деп маалымдап чыкты...
-- АКШ президенти бизде мындай жаңжал орун алганын билген да жок. Эгер “Нью-Йорк таймс” сыяктуу Американын маалымат каражаттарында эки сап маалымат берилбесе, эч кандай талкуу болгон жок. Апрелдин акырында бизде жаңжал орун алган күндөрү дүйнөдө дагы канчалаган окуялар орун алды. АКШ биздеги окуяларга эч кандай расмий билдирүү жасаган жок. Эгер жасачу болсо ишенимдүү айта алам, алар эки тарапты күч колдонуудан алыс болууну, тынчтык жолу менен пикир келишпестиктерди чечип алууну сунуштайт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити