Мыктыбек Өмүрзаков: “Саясый кызматты ээлегендер иштен кыскарса, сотко бере албайт”
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы менен маек.
-- Мыктыбек Жаныбекович, азыр мамлекеттик кызматта иштегендердин санын кыскартуу процесси жүрүп жатат. Кыскартууга биринчи кезекте пенсия жашындагы кызматкерлер туш келүүдө. Ушундан улам суроо туулат, мыйзамда жаш курагы боюнча чектөө барбы?
-- 2004-жылы кабыл алынган мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда мамлекеттик кызматта иштөөнүн жаш чеги 65 жаш деп так көрсөтүлгөн эле. Алтымыш бешке чыккан адам кызматтан бошотулушу керек болчу. Бирок, Нарын облустук салык кызматынын инспектору 65 жашында бошотулгандыгына байланыштуу Конституциялык сотко кайрылып, сот муну адам укугун чектегендик катары баалап, жобону мыйзамдан алып салууга чечим чыгарган. 2016-жылдын 30-майындагы “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамда, 2021-жылдын октябрында кабыл алынган “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакциясында да “65 жаш курак жеткен чеги” деген норма калтырылган. Бирок, бул “сөзсүз түрдө 65ке чыккан адам кызматынан бошотулушу керек” деген ченем эмес. Андай курактагы адамды бошотуу-бошотпоо укугу жетекчиге берилген. Эгер бул керектүү, баалуу кызматкер деп чечсе, алып калат. Жок, натыйжа бербей калды десе, бошотушу мүмкүн.
-- Эгер так чектөө жок болсо, кыскартууга туш болгон кызматкер сотко кайрылууга укугу барбы?
-- Соттошконго укугу бар, эгер алар административдик кызматкерлер болсо. Бирок, дагы бир жолу кайталап кетким келет, мамлекеттик органдын иши үчүн жетекчи түздөн-түз жооп берет. Жоопкерчиликти алган жетекчи мамлекеттик органдын ишин, милдеттерин так аткарууга зарыл болгон штаттарды кармап, ал эми бири-бирин кайталагандарды кыскартып, же бириктириши мүмкүн. Эгер өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөбөй, мамлекеттик органдын ишине тоскоол болбогондой деңгээлде кыскартууга барса, сот деле карап чечет да аны. Ал эми саясый кызматты ээлегендер, мисалы, министрлердин орун басарлары сотко бере албайт.