Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Пандемия убагында дарылардын берилиши эки айга кечиккен”

Дастан Бекешов: “Пандемия убагында дарылардын берилиши эки айга кечиккен”

21-январь, 18:30
1 295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Пандемия учурунда келтирилген зыянды иликтөө комиссиясында мүчө болдуңуз. Жалпысынан андагы мүчүлүштүктөргө токтолуп өтсөңүз?

-- Кечээ өкмөт отурумунда комиссиянын ишин уктук. Биз гуманитардык жардам берген тарапты, анын бөлүштүрүлүшүнөн тарта карап чыктык. Анда келген жардамдардын бир тобунун учету жоктугу аныкталды. Көп кычкылтек консентраттары кайда кеткени белгисиз бойдон калды. Ошондуктан бул дагы эле комиссиянын кароосунда болот. Керек болсо укук коргоо органдарына иликтөөгө берилет. Ооруканалардын ошондогу иши, каражаттардын бөлүнүшү дагы иликтенди. Ошондой эле коронавирус менен түшкөн киши каза болгондон кийин статистикага түшпөй калган учурлар да бар экени аныкталды. Дарылардын берилиши, протоколдордун бекитилиши каралып, аларды бекитүү 1-2 айга чейин кечеңдетилгенин көрдүк. 

-- Комиссиянын иликтөөсүнө таянсак, чоң даражадагы чиновниктер менен катардагы дарыгерлерге чейин карапайым элдин кайгысынан бизнес жасагандары ачыктала турганы маалымдалды. Сиздин оюңузча, кызматын кыянаттык менен колдонгондорго карата кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Комиссия кызматынан кыянаттык менен пайдалангандарга карата чара көрүү жөнүндө эч кандай көрсөтмө берген жок. Аны укук коргоо органдары толук изилдеп чыгып, ошого жараша чара көрөт деп ойлойм. Ал эми комиссия тарабынан коопсуздук кеңешке тийешелүү тармактарга тапшырма берүү сунушун киргизгени жатабыз. 

-- Саламаттык сактоо министрлиги 3-толкун февраль айында келерин айтууда. Ага даярдыкты алдын ала көрүү пландары тууралуу депутат катары маалымат алдыңызбы? Жайкы кырдаал кайталанбайт дегенге кепилдик барбы?

-- Биз 3-толкун боюнча сүйлөштүк. Бирок саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу иш-чаралары тууралуу маалымдаган жок. Анткен менен министрликке комиссия тарабынан бир топ рекомендациялар берилди. Алар алдын алуу иштерин жетишерлик деңгээлде алып барышы керек.

-- Эксперттер эмитен эле вакцина жана аны сактоочу муздаткычтардан бизнес кылуу аракеттери бар экенин айтышууда...  

-- Пфайзер вакциналары бекер берилсе деле аларды биз ала албай калдык. Аны сактоочу муздаткычтарга 2 млн. доллар керек экен. Өкмөт андай каражат жоктугуна байланыштуу вакцинаны алуудан баш тартып атат. Менимче, бул жерде россиялык вакциналарга ыктоо болуп атат. Негизи эл аралык уюмдар менен иштешүү керек эле..


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер