Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жол кире акысы жогорулайбы?

Жол кире акысы жогорулайбы?

24-апрель, 15:46
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков Бишкек шаарындагы транспорттук компаниялардын жетекчилери, жүргүнчү ташуучу ассоциациялардын төрагалары жана жеке маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жолугушууда коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатуу жана айдоочуларга салыктарды азайтуу маселелери талкууланды. Вице-мэр белгилегендей, баардык маселелер укуктук талаада чечилиши керек. Учурда мэрия бул багытта иштеп жатат. Айдоочулардын мындай мамилеси - нааразычылык акцияларын уюштуруу жана коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратуу, шаардык муниципалитет менен транспорттук компаниялардын ортосундагы келишимдерди бузуу болуп саналат. Өз кезегинде айдоочулар баалардын тез арада көтөрүлүшүн талап кылышып, антпесе жумушка чыкпай тургандыктарын айтышты", - деп жазылат билдирүүдө.

Вице-мэр мэриянын мыйзамды бузууга укугу жок, экенин айтып, баардыгы мыйзам чегинде болушу керек экендигин белгилеген. Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Токтомдун долбоорун депутаттардын кароосуна жиберүүдөн мурун документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек.

Жол кирени кымбаттатуу боюнча буга чейин жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына жүк ташуучулардын, транспорттук жана башка бирикмелердин өкүлдөрү кирген. Биринчи этаптагы профилдик комиссиянын корутундусуна ылайык, мэрия документти коомдук талкууга чыгарат. 26-апрель күнү иштелип чыккан документ коомдук талкуулоо үчүн Бишкек шаардык администрациясынын сайтында жарыяланат. Талкуулар беш күнгө созулат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер