Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Текебаев элчилик кызматтан айнып, күтүүсүз саясый жүрүш жасайбы?

Өмүрбек Текебаев элчилик кызматтан айнып, күтүүсүз саясый жүрүш жасайбы?

26-август, 10:57
2 341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алгач “Азия Ньюс” гезити Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик кызматка бара турганын жазып, саясый сырды ачыктоо менен коңгуроо кагып койгон. Анан көп өтпөй Германияга элчи болору жарыяланды. Албетте, расмий органдар тактаган эмес. Өмүке да бул боюнча ооз ачып, “ак” же “көк” деп билдирүү жасаган жок. Сыягы, “карт бөрү” күздөгү саясый кырдаалды анализдеп, эки анжы ойдо калганын эшиттик. Эгерде бийликтин күчү кете баштаса, Текебаев дароо позициясын өзгөртүп, саясый майдандын көч башына чыгары калетсиз. Бир эсе алтымыштан жаңы ашкан курагында “сүргүнгө” айдалып, элден обочолонуп калуудан айбыкса керек. Азырынча “Ата Мекендин” лидери алдуу-күчтүү, кылчайнашкан күрөш жүзүндөгү жашоосун таштагысы келбейт. Ал эми элчилик кызматка жетимиш жаштан ашкандан кийин деле барса жетишет да, туурабы? Биздин ой чабытыбыз боюнча Өмүрбек Текебаев аз күндө Европага аттануудан айнып, күтүүсүз саясый жүрүш жасоо менен сенсация тартуулайбы?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер