Акыркы кабарлар
» Экономика » Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 1 млрд. долларга жетеби?
Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 1 млрд. долларга жетеби?
01-октябрь, 15:33


Форумда президент түркиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырып, алардын коопсуздугуна кепилдик берди. Айрым эксперттер инвесторлордун Кыргызстанга тартылбай жатышын эки өлкөнүн ортосундагы солгун мамиле менен байланыштырып келатышат. Президент форумдагы сөзүндө Түркия Кыргызстанга эгемендик жылдары 600 миллион доллардан ашык түз инвестиция тартканын белгилеп, «Кыргызстан – инвестиция салууга эң ыңгайлуу өлкө. Бизде бизнести каттоо өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн, үч күндүн ичинде бизнес ачса болот. Жаңы түзүлгөн ишканалар үч жылга чейин текшерүүдөн бошотулду. Айрыкча быйыл бизнести негизсиз текшерүүнү кескин азайттык. Кыргызстанда инвестордун активдери жана менчиги кол тийгис. Кыргыз мамлекети буга толук кепилдик берет» деп билдирди.
Түркия Кыргызстанга негизинен кен, курулуш, жол куруу, жеңил өнөр жай, билим берүү багытында инвестиция жумшап келе жатканы белгилүү. Маселен, Кыргызстанга сырттан ташылган кездеменин 20-25 пайызы Түркиядан келет.
«Азия Ньюс» гезити