Медербек Саидов: «Үмүт Ко’нун» бир канча өндүрүмү коңшу Казакстанга да экспорттолот”

-- Медер мырза, УКМК 19-августта Журат Абдуллаев “мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган” деген айып менен кармалганын билдирген. Соцтармактарда эки ача пикирлер айтылууда. Айрымдар ишкерди айыптаса, айрымдар жан тарткан пикирлерин айтууда. Ишкерге жан тарткан блогерлер катарына сенин ысымың да кошулуп, айрымдар жалданма блогер сөрөйлөрдү тартипке чакыралы (!) деген пикирлерин билдирүүдө...
-- Мен болгон чындыкты, өз пикиримди гана ачык калтыруудамын. Эгер курал-жарактарын мыйзамсыз сактаса, мыйзам боюнча жазаланышы керек. Бирок компаниясына барып акчаларын алып, “10 млн. сом салык төлөбөй качып жүрөт” дегени бул нонсенс. “Үмүт Ко” компаниясы ансыз деле эң ири салык төлөөчүлөрдүн катарында экен.
Менин жеке пикиримде, бул бийликке баш ийбей, айткандарын жасаган эмес. Ошол себептен өч алуу болгон деген пикирдемин. Билесиздер, «Үмүт Ко’нун» бир канча өндүрүмү Кыргызстандын ичинде эле эмес, коңшу Казакстанга да экспорттолот. Ушундай деңгээлдеги ишкердин колунда 822 млн. сом бар да. Азыр андай сумма, жадагалса андан да көп каражат кээ бир чиновниктерде да болуп атпайбы. Муну чоң саясатка айландыруунун кереги жок эле. Менин оюмча, бул жерде саясый жагдай бар. Карабайсызбы, эгерде 10 млн. сом салык төлөнбөсө, 822 млн. сом табылган кишиде анчалык акча болбой калат дейсизби? Бул саясый жагдай. Анан жанагы 2 граммдык баңгизаттын табылганы да күлкүлүү...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити