Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сатинбү БАКЕШОВА: “Түлө Жылкычиев – мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчиси болгон”

Сатинбү БАКЕШОВА: “Түлө Жылкычиев – мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчиси болгон”

12-апрель, 17:26
556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сатинбү Акматалиевна Бакешова көп жыл мамлекеттик архивде иштеген тарыхчы-архивист, архив ишинин отличниги. Мамлекеттик архивде иштеп турганда ушул кезге чейин изилденип, кыргыз тарыхында өз ордун таба элек мамлекеттик ишмер Жылкычиев Түлө боюнча архивдик материалдарды издеп тапкан. Сатинбү Акматалиевна бизге ушул адам тууралуу айтып берди. 

-- 13 жылча мурда бизге Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген Максим Аммосов тууралуу архивдик маалыматтарды табуу, жыйноо тапшырмасы түшкөн. Ошол киши тууралуу архивдик материалдарды издеп жатып, Жылкычиев Түлө жөнүндөгү материалдарды да окуп калгам. Эсимде калган себеби, ал кишинин кол жазмасы каллиграфиялык жазылган, абдан сулуу болчу. Кыргыз ССРи менен Москванын ортосундагы кат алышуулардын көпчүлүгү ушул кишинин колу менен жазылыптыр. 

Бир күнү архивге Таалай аттуу жигит келип, “биздин атабыз өзүнүн атасын издеп таппай жатат” деп айтып калды. Ким экендигин сурасам, “Ташболот Түлеев” деди. Толук маалымат алыш үчүн ал киши менен жолуктум. Ташболот аксакал “мен атам ким экендигин билбей чоңойдум. Биз эр жеттик, үй-бүлө күттүк. Апам да карыды. Бир күнү “атам тууралуу айтып бериңизчи?” десем, апам “атаң чоң кызматта иштеген” деди. “Кайдан издесек болот?” десем, “Исакеевди тапсаң, атаңды табасың. Атаң ошол киши менен үзөңгүлөш жолдош болгон” деди. 

Атамды алып кетишкенден кийин эле апам балдарыма зыяны тийбесин деп жер которуп кеткен экен. Кийин атабызды издеп архивдерге, Алматыга, Ташкентке да кайрылдык, бирок эч кабарын биле албадым” деди. Архив кызматкерлери бир маалымат табыш үчүн көп китептерди окуйбуз, архивдик материалдардын изин кууп казып чыгабыз. Ошентип көп убакыт жумшап, Жылкычиев Түлө тууралуу бир топ маалымат жыйнадым. Көрсө, бул киши кыргыз тарыхында изилденбей келе жаткан актай барактардын бири экен. 

Жылкычиев Түлө – мамлекеттик, укук коргоо органдарында сот болуп иштеп, прокуратурада кызмат өтөп, чарбалык кызматтардын ар тармагында эмгектенген. Ал 1936-жылдарга чейин көп байларды кулакка тарттырган экен. Өзү бетке айткан, өз ишин так аткарган, башка кызматкерлерден да ошону талап кылган адилеттүү адам болуптур. Бирок ошол кезде деле тың, кыйын иштеген адамдар бийлик башындагыларга жага берген эмес. Ушул киши тууралуу издеп, таап окуп жатып ушундай жыйынтыкка келдим. 

Ошол кезде совет өкмөтү союздук республикаларга чарбанын баардык тармактары боюнча план төгүү милдетин жүктөгөн. Эт, май, жүн, дан жана башкаларды жыйнап төгүү боюнча планды Кыргызстан да аткарып турган. Жылкычиев Түлө ушундай иштерде абдан чарбачылдыгын көрсөткөн. Убагында Ош аймагына да барып, буудайдын, пахтанын жана башка азык-түлүктөр боюнча толбой жаткан планын толтуруп, чарбалык иштерди көзөмөлдөгөн. 

Ошол кезде Өзбекстандын малы жайында Кыргызстандын жайлоолорунда жайлачу экен. Чоң жыйын, партиянын пленумдарында Жылкычиев Түлө “Өзбекстандын малын Кыргызстандын жайлоолоруна киргизбейбиз” деп маселе көтөргөн. Себебин да орду менен түшүндүрүп берген. Анткени малдын башы көп болуп, алар канча жерде оттошу керек, малга кышкыга канча аянттан тоют даярдалышы керектигин далили менен айтып берип, акыры малдын көптүгүнөн жер кыртышы түгөнүп, жерлер начарлап кеткенине байланыштуу “Өзбекстандын малын киргизбейбиз” деп чечим кабыл алганга чейин барган. Мындан тышкары, Жылкычиев Түлө Кыргызстандын чек араларын жакшы билип, аларды коргоого чоң салым кошкон. Демек, ал өз убагында саясатты, чек араны, чарбаны мыкты билген жетекчи болгон. 

Жылкычиев Түлөнүн Кыргызстанда иштеген акыркы кызматы – начальник оргинстер НКВД болгон. Архивде ушундай жазылып жүрөт. Кыязы, мамлекеттик уюштуруу иштеринде иштесе керек. Азыркы учурдагы мамлекеттик кызматка салыштырсак, президенттин аппарат жетекчисинин кызматына туура келгендей. Андан кийин Жылкычиев Түлө Ташкентке прокуратурага прокурордун жардамчысы  кызматына дайындалып, Ташкентке көчүп кетет. Ташкентте Пушкин көчөсүндөгү 20-үйдө жашап, үй-бүлөсүндө баардыгы алты адам болгон. Аялы, балдары дагы башка адамдар менен бирге жашаган. Ал убакта Орто Азия Түркестан округу деген чоң аймак болуп, ал жакка кызматка дайындоо Москва аркылуу гана жүрүп турган. Түркестан округуна прокурорго жардамчы болуп баруу Москвадан гана чечилген, себеби ал жалпы Орто Азияга дайындалчу. Түлө ошол жакта иштеп жүргөндө Кыргызстандагы бийликте турган адамдар анын бул жакка дагы бир чоң кызматка келе тургандыгы тууралуу угуп, чочулап калышат. 

Дал ошол учурда мурун Жылкычиев Түлө тарабынан кулакка тартылган, түрмөдө жаткан бир адам анын үстүнөн тоголок кат жазат. “Бир кишиси соттолуп, ошону түрмөдөн чыгарууга ортомчу болгон” дегендей мааниде арыз жазган. Ошол тоголок каттын негизинде Жылкычиев Түлө Кыргызстанга чакыртылып келип, быяктан камакка алынган. Анын камалышынын себеби атайын уюштурулган иш болгон. Түлө эки жыл кармалып, сурак берген. Бул 1934-36-жылдар эле. Жылкычиев Түлөнүн бул иши эки жолу Москвага жиберилип, ал жактан текшерилип “ишинде кылмыш курамы жок” деп эки жолу кайра кайрылып келген. Архивди карап жатып, ушуга байланыштуу “чыгаргыла”, “бошоткула” деп жазылган абдан көп телеграммалар келгенин окудум. Ошол убакта НКВД катуу суракка алганы тарыхтан белгилүү. Жылкычиев Түлөнү жана башка адамдарды суракка алып жатканда батиңкесинин боосунун узундугу канча экендиги да жазылган маалыматтар бар экенин окудук. Ошондой эле Жылкычиев Түлөнү камакка алып жаткандагы өздүк анкетасында “Жылкычиев Түлө – кыргыз, туулган жери, айылы, уруусу кытай” деп жазылып жүрөт. Архивдик документтерде орусча жазылгандарда “Туля” деп жазылса, кыргызча жазылган документтерде “Түлө” деп жазылган. Суракка алгандар аны текшерип чыгышат. Ал кезде жалган айтуу мүмкүн эмес болгон. Анан калса айылдаштары аны таанышат да. Акыры 1936-жылы 5-майда Жылкычиев Түлө бул иштен акталып чыгат. 

Ал кайра Ташкентке барып, мурдагы ишинде иштей баштаганы жана НКВД кайра качан алып кеткени тууралуу маалымат жок. Анан эле 1937-жылдагы массалык репрессия башталат. Ошол учурда репрессияга кабылгандарды билгизип-билгизбей, караңгыда, уктап жатканда, айтор, ар кандай учурларда алып кетишкен. Жылкычиев Түлөнү Ташкенттен Кыргызстанга чакыртышкан, Кыргызстанга келгенден кийин аны алып кетишкен. Түлөнүн аялынын айтканы менен архивдеги документтер бири-бирине дал келип жатат. Ташболот аксакалдын айтымында, атасы Түлөнү жашыруун алып кетишкен экен. “Апам ушинтип айткан” деди. Ким, кайда, эмнеге алып кеткенин үй-бүлөсү сураганга деле үлгүрбөй калышкан. Кайда алып кеткени, кантип өлгөнү белгисиз бойдон калган. 

Мен ушулардын баардыгын архивден таап, изилдеп чыгып, Жылкычиев Түлөнүн өмүр жолун жаздым. Баардык документтердин керектүү жерлерин көчүрмөлөп, бир папкага жыйнап, Ташболот аксакалга алып келип бергем. Ошол кезде Ташболот Түлеев 73 жашта болсо керек эле. Атасынын өмүр жолу жазылган бир баракты жарым саат окуду, тиктеп отура берди. Байкасам, аксакалдын ээктери кыймылдап, колдору титиреп, көзүнө жаш толуп туруптур... Анан архивден тапкан материалдардын баарын көрсөтүп чыктым. Ташболот Түлеев атасы табылганына аябай толкунданып, бир албырып, бир бозоруп турду. Мен “ата, сиз бактылуу адам экенсиз. Издеген атаңызды таптыңыз. Мен да чоң атамды таппай издеп жүрөм” дедим. 

Мамлекеттик архивдин алдында “Тарыхый мурас” деген саны чектелүү журнал чыкчу. Ага Кыргызстанга эмгеги сиңген, таанымал инсандар тууралуу материалдар жарык көрчү. Мен ошол журналга Жылкычиев Түлө тууралуу төрт бет материалды сүрөттөрү менен чыгардым. Ташболот Түлеев ошол журналдан бир топ нуска буюртма берип чыгартып алды. Ташболот аксакал “балам, жетимдиктин азабын мендей тарткан адам аз. Башка айылда жашап жүргөндө жаныбызда баласы жок, бирок колунда бар үй-бүлө бар эле. Биздин атабыз жок, жакыр жашайбыз. Тиги кошунанын бир семиз эшеги бар болчу. Бир күнү мен эшекке отун жүктөп тиги кошунабыздыкына ташыйм, экинчи күнү өзүбүздүн үйгө алып келем. Суу алыс, куржундун көзүнө фляга салып, бир күнү анын үйүнө суу ташыйм, экинчи күнү өзүбүздүкүнө ташыйм. Кошунабыз ачуусу келсе эшегин бербей коёт. Ошондо отун, суусу жок калабыз. Мен ушундай азап менен чоңойдум” деп айтып калды. 

Дагы бир жолу жолукканда Ташболот аксакал “сен берген тарыхый материалдар боюнча китеп жазылса кандай болор эле?” деп сурап калды. “Китеп жазылса, тарыхый китеп болот. Анткени Жылкычиев Түлө Кыргызстандан репрессияланып кеткен башка кыргыздын мыкты уулдары менен жолу бир болгон. Баардык жетекчилер менен иштешип, өзү да мыкты жетекчи болуптур. Бирок менин оюмча, кинотасма тартылса да мыкты болмок. Себеп дегенде китепти окуган адам бар, окубаган адам бар. Кино тартылса, Кыргызстандын тагдырында из калтырган тарыхый инсандар менен чырмалышкан тагдыр чагылдырылмак. Ошол убак 1936-жылы Кыргыз ССРи өз алдынча түзүлгөн мезгил болуп, Максим Аммосовдун учуруна туш келип калат экен. Тарыхый кино тасма болмок” дедим. “Анда ошондой режиссер таап кел” деди. Мен Исхак Раззаков тууралуу илимий документалдуу тасма тарткан режиссер менен бирге бардым. 

Ал учурда Нариман Түлеев Жогорку Кеңеште депутат болчу. Анан иш бат эле жаман жагына айланып кетти. Ошентип биздин китеп да, кинобуз да токтоп калды. Мен изилдеп, архивден таап чыккан Жылкычиев Түлөнүн кылмыш иши тууралуу тарыхы ушундай. 

А бирок ал кишинин толук өмүр баяны, баскан жолу, кыргыз мамлекетинин түптөлүшү үчүн кылган кызматы тууралуу изилденсе, көп маалымат табылат болуш керек, - деди Сатинбү Бакешова.  


Нарындык аксакалдардын айтуусу боюнча Нариман Түлеевдин жети атасы: Ташболот, Түлө, Жылкычы, Калча, Атаке, Төнтөгөр, Байтике, Кытай. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер