Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт ТӨРӨБАЕВ, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Коррупция менен кармалгандар, тендерге “чалынгандар”, баардык тескери иштер өкмөттө болуп атат го?”

Бакыт ТӨРӨБАЕВ, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Коррупция менен кармалгандар, тендерге “чалынгандар”, баардык тескери иштер өкмөттө болуп атат го?”

07-октябрь, 08:57
588 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсызданып, Жогорку Кеңештин комитет жыйынында маселе көтөрүп чыкты. Анда ал Жогорку Кеңешти жаман көрсөтүү күч алып, сындап, өкмөттүн туура эмес аракеттерин парламентке бургусу келип жаткан топтор бар экенин айтты. Мындан улам, фейктерге каршы чара колдонуу механизмдерин караштырууну сунуштады. Соцтармактарда болсо “Төрөбаев фейктерди Жогорку Кеңешке чакырды” деген мем жайылып, тамашага пикирлерди жазып жатышат. Фейктердин зыяны кандай тийип жатат? Бул суроого Төрөбаевдин оюн уктук.

-- Бакыт мырза, фейк аккаунттардын парламенттин аброюна, коомго зыян келтирип жатканын көтөрдүңүз...

-- Фейк аккаунттар ар кандай так эмес маалыматтарды жазуусу күч алды. Жогорку Кеңешти жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Ар кандай сөздөр менен негизсиз сындап жатышат. Бул жакшы эмес көрүнүш. Негизи, фейктер мамлекеттин түзүлүшүнө, идеологиясына залака тийгизет. Мындай учурду Америка менен Кытайдын ортосунда болгон практика көргөздү. Эки дөө-шаа мамлекеттин ортосундагы мамилени фейктер бузуп койду. Андыктан, алардын тизгинин тартуу керек. “Келгиле, ачык-айкын бололу, кандай маселе бар, аты-жөнүңөрдү айткыла, жашырынып бирөөнүн сүрөтүн койбогула, маалыматты тактап жазгыла” деп айтып жатабыз. Элдин пикири ошол жалган маалыматтарга негизделип, бурулуп жатат. Фейктер журналисттерге, силерге конкурент болуп калышты. Бирок, силер тактап, расмий маалыматтардын негизинде берсеңер, алар тактабай, иликтебей берип атышат. Аларда жоопкерчилик кайда? Эртең Кыргызстанга көз карашы жакшы эмес, ынтымакты бузгусу келген күчтөр миллиондорду төлөп берип, фейк аккануттар менен жаман иштерди жасашса, анда өлкөбүздө согуш же чактар болуп кетпейби? Буга ким кепилдик берет? 

-- Депутаттарга кандай кедергисин тийгизиши мүмкүн?

-- Мен башка институтту айтпайын. Анткени, мен депутат катары парламентке тийгизген зыянын айттым. Парламенттин дарегине ар кандай сындар айтылып келет, “депутаттар жеп атышат” дешет. Ал сөздөрдүн мага тийешеси жок. Бирок, “коррупционерлер” дегендерге жаның кашаят экен. Эми карап көргүлө, бюджеттин акчасын ким тейлейт, аткаруу бийлигиби? Коррупция менен кимдер кармалып жатышат, өкмөт өкүлдөрүбү? Тендерлерди ким өткөрүп, “чалынып” жатышат, өкмөтпү? “Манас” аэропортунан 5 млн. доллар оффшерго чыгып кетти” деп маалымат чыкты. Ал жерде бир депутаттын аты аталдыбы? Жок. Баары аткаруу бийлигинин адамдарынын аттары аталып жатат го? Анан эле “парламент жеп атат” дешет. Бул жерде шегим бар, кандайдыр бир топ иштеп, “бизге сокку болбосун” деген ойдо фейк аккаунттар менен парламентке буруп жатат.

-- “Келерки парламенттик шайлоодо фейктер талапкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтарды таратып баштайт, шайлоо мыйзамдарын карап чыгуу керек” деген ойду айттыңыз. Сиздин оюңузча, кандай өзгөртүүлөр сунушталышы керек?

-- Ооба, келерки шайлоодо сөзсүз талапкерлер чыгат. Анан фейк аккаунттар ал талапкер жөнүндө болбогон сөздү, окуяны токуп чыгарып коюшу мүмкүн. Ал адам таза адам болгонуна карабай, шылуун, алдамчы кылып көрсөтүп, элдин баары ал адамды жаман көрүп калышы мүмкүн. Ошол себептен, бул жерде чоң коркунуч бар. Атын, сүрөтүн койсун, анан далил катары жоопкерчилик алсын, ошентип иштесе, биз алар менен ачыкпыз.

-- Фейктер менен күрөшүүнүн механизмдери барбы?

-- Сиздер менен чогуу күрөшөбүз. Аларга контраргументтерди айтып, мыйзам чегинде фейк аккаунттарды ачыкташ керек. Бул сөз эркиндигине бут тоскондук эмес. Макул, сындашсын, мен даярмын, ансыз деле сындап жатышат. Согушта деле бири-бирин билип согушат го. Техникалык жагынан азыр баарын билип алалы, кандай жолдору бар экенин, анан мыйзам жазабыз. 

-- Жазалоонун жолдору кандай болушу мүмкүн? Айып пул төлөтүүбү, же андан да катаалбы?

-- Ким сотко берсе, анын айып пулу жазылган. Мисалы, мага канчалык зыян келтиришсе, сотко берип, сот аркылуу айып пулду төлөтүп алам. 

-- Мыйзам долбоорун киргизип жатасыздарбы?

-- Биз кечээ парламентте сүйлөштүк. Мыйзам жазуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кандай кылабыз, кандай техникалык жактан мүмкүнчүлүктөр бар, терең караш керекпиз. Жөн эле жаап салган да болбойт. Анткени, журналисттер соцтармактар аркылуу иштейсиңер. Этияттап карабасак, башкаларга зыян келип калышы ыктымал. Маалыматтык технологиялар боюнча адистерди чакырып, кеңешебиз. 

-- Аккаунттардын сүрөттөрү болбогондордун баарын эле “фейк” деп атай берген болбойт го?..

-- Биз азыр глобализацияга кетип баратабыз. Баары ачык болуусу керек. Эгер чындап күрөшөм десе, ачык күрөшсүн. 

-- Депутаттардын деле фейктери бар да. Сизде жокпу?

-- Менин өзүмдүн баракчам бар. Фейким жок.

 

Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер