Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Элди толкундоого үндөгөндөр жазаланат. Бийлик куралдуу күч колдонот!”

Бакыт Бакетаев: “Элди толкундоого үндөгөндөр жазаланат. Бийлик куралдуу күч колдонот!”

10-сентябрь, 16:00
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым партия лидерлеринин жана алардын тарапташтарынын баамында,  парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө ири толкундоолор орун алышы мүмкүн. Бирок, саясат талдоочу Бакыт Бакетаев эл кайсы бир лидердин айткандарына ишенип, алардын артынан ээрчибей турганына токтолду.  


-- Айрым саясатчылар эмитен эле шайлоо таза өтпөй турганын белгилеп, 4-октябрдан кийин нааразычылык акциялары күчөй турганын айтышууда. Бул боюнча сизде кандай божомолдор бар?   

-- Лев Николаевич Гумилёв деген жалпы Орто Азиядагы абалды изилдеген илимпоз бар. Анын графиги боюнча Кыргызстан үч революциядан өттү. Ошол Гумилёвдун теориясынын негизинде, бизде дагы бир жолу төңкөрүш болушу мүмкүн эмес. Элдин массалык түрдө нааразычылык акцияларга чыгуусуна бери дегенде жыйырма жыл керектелет экен. Тагыраагы, жарандардын жашоосу жакшы жакка өзгөрбөй, бийликтегилер карапайым калкка кам көрбөсө, төңкөрүш кайталанышы ыктымал. Тилекке каршы, биздин кээ бир саясатчыларыбыз, түштөрүндө элдин толкуганын, талап-тоноочулукка барып жаткандарын көрүп жатышат. Бирок, эл азыр андайга барбайт, себеби буларга ишенбей калган.  Басымдуусу буга чейин чоң-чоң убадаларды беришкен, бирок, аны аткарышкан жок. “Кыйратабыз” дегендердин асты эки-үч ирет кызматка дайындалып, партиялар парламентке келишти. Өзгөрүү болгон жок. Кыргызстанды Беларуска да салыштырып жиберишти. Беларусь мындайды башынан биринчи ирет кечирип жатат.  

-- Баары бир шайлоодон утулгандар акцияларга чыгышы мүмкүн да...

-- Бийликке революция керек эмес. Аларда бир гана максат бар – стабилдүүлүк. Туруктуулук маанилүү болгондуктан, элди толкундоого үндөгөндөр, чакырык таштагандар статусуна, билимине, эл арасындагы аброюна карабастан  жазаланат. Бийликте курал да, күч да бар. Муну колдонушу толук мүмкүн. Ошондуктан, “революция жасайбыз” деген “романтик” саясатчылар “Мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет жасады” деген мыйзамдын негизинде катуу жазаланып, алтургай камалып да кетиши ыктымал. Анүстүнө акыркы алты жылдан бери кайсы бир саясатчынын боштондугун талап кылган нааразычылык акциялардан майнап чыкпаганын көрүп турабыз. Айрымдар элди өзүнө тартууга аракет кылышып, аша чапкан учурларга ыкташып, айрыкча шайлоо алдында бир балээге азгырылышат. Менимче, алардын кээ бирине азыртан эле статьялар даярдалып калган. Албетте, коомчулукта лидерлердин курч сөздөрүн колдогондор бар, бирок соцалдык тармактарда “лайк” баскандары гана болбосо, алар үчүн көчөгө чыгышпайт.  

-- Сиз ошондо “кээ бир партия лидерлери камалып кетиши мүмкүн” деп жатасыз да?.. 

-- Ооба, сөздү иргеп сүйлөгөн жакшы болот. Айрым партия лидерлери съездден эле ачуу сөздөрдү айтып башташпадыбы? Мисалы, “тигил ууру, бул ууру” деген кептер козголду. Бирок, мындай айыптоолорго жооп бериш керек да. Кимдир бирөөнү “коррупционер” же “каракчы” деп айтуудан мурун, анда факты болушу шарт. Мыйзамда “жалган жалаа жапты” деген статья бар. Далили жок сүйлөгөндөргө ири көлөмдө айып пул салынат, ал эми мамлекеттүүлүккө коркунуч жараткандар камалып кетиши мүмкүн. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер