Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 12 жылдык билим берүү системасына өтсөк, келечек муунубузга канчалык деңгээлде пайдалуу?

12 жылдык билим берүү системасына өтсөк, келечек муунубузга канчалык деңгээлде пайдалуу?

26-март, 09:00
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат:

-- Мен ал маалыматты угуп түйшөлүп жатам. Анткени, билим берүү тармагынын күнгөй-тескейин жакшы билем. Ошон үчүн Кыргызстандын билим берүү системасын Россия, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстан менен эле бирдей алып кетишсе жакшы болмок деген пикирдемин. “12 жылдык билим берүү системасына өтөбүз, окуучулар кошумча кесиптин ээси болушат” деп чоң катачылыктарды кетирип алышпаса эле болду. 

Эмил Үмөталиев, ишкер:

-- Мага эмне үчүн 12 жылдык окуу системасына өтүп жатканыбыздын себептери эч түшүнүксүз. Билим берүүдө жылдардын саны биринчи маселе болбошу керек эле. Мага 12 жылдык билим берүү системасынын маңызы деле белгисиз. “Эмне үчүн 12 жыл окутабыз? Кайсы дүйнөлүк багыттарга таянабыз? Ким окутат? Кантип окутат?” деген суроолорго жооп таба элекмин.  

Анара Дауталиева, укук коргоочу:

-- Өлкөбүздө билим берүү тармагында боло турган реформаларда тобокелчилик чоңдугуна карабай 12 жылдык билим берүү системасына өтө турган болдук. Мен буга каршы эмесмин, бирок билим берүү министри Кендирбаева Догдуркүл өлкөбүздүн жогорку жетекчилерин адаштырганын ачык айтышыбыз керек. Мамлекетибиз 2024-25-окуу жылында 12 жылдык окуу системасына өтүүгө даярбы? Албетте, жок! Мен өлкөдөгү көптөгөн ата-энелер сыяктуу эле Кендирбаевага кадрлар, окутуу, инфраструктура, тамактануу, мектепте коопсуздукту камсыздоо, санитария жана гигиена боюнча суроолорум бар.

Биринчиси, 5-6 жаштан баштап балдар 1-класска барабы? 

Экинчиси, башталгыч класстын мугалимине няня жана башка мугалимдер жардам береби? Айтайын дегеним, 5-6 жаштагы балдар табиятынан камкордукка муктаж болушат. Эгер көчүгүн аарчып же жууш керек болгондо, ал милдетти ким аткарат? Мындай кызматты няня аткарбаса, мугалим сабак бергенге үлгүрбөй калат да. 

Үчүнчүсү, бала бакчаларда тамак-аш 5-6 жаштагы балдарга 60 сомдон 120 сомго чейин бөлүнөт. Мектепке 14 сом гана бөлүнөт. 5-6 жаштагы балдардын тамактануусуна бөлүнгөн каражатты бала бакчага теңебесе, тең салмактуу тамактануу болбой, балдардын ден соолугуна зыян келтирилбейби? Кендирбаева муну ойлондубу? 

Төртүнчүсү, болжол менен 300 миң 5-6 жаштагы балдар мектепке кабыл алынышы мүмкүн. SAN пиндер (МЗ) жана SNIPs (мамкурулуш) ылайык, мектепке чейинки курактагы категориядагы балдар үчүн атайын дааратканалар, кол жуугучтар жана душ бөлмөлөрү курулганбы? Парта, стул жетиштүүбү?

Бешинчиси, менин жүрөгүмдү өйүгөн маселеге токтолоюн. 5-6 жаштагы балдар тыныгуу учурунда, окуучулар топтошуп дааратканага киргенде, толуп калган дааратканадан ден соолугуна зыян келбейт деген кепилдикти ким берет жана коопсуздугуна ким жооп берет? Ошондой эле жогорку класстын окуучулары кичинекей балдарга аяр мамиле жасайт деген кепилдик жок да. Ошон үчүн сыртта жайгашып, толуп калган ажатканалардан жогорку класстын балдары жеткинчек балдарга байкабай зыян келтирип алса, эмне болот? Мен талапка жооп бербеген толуп калган дааратканалар бар үчүн ушундай маселени айтууга аргасыз болуп жатам. 12 жылдык окуу системасына өтөөрдөн мурун жок эле дегенде даараткана маселесин чечишибиз керек.

Мамлекет 2300 мектепке жабык ажатканаларды кура алабы? Мен билим берүү тармагындагы программалык кредиттердин жана гранттардын ордуна Дүйнөлүк банк АӨБ жана ИӨБдан инфраструктураны гана талап кылууну, башкача айтканда, мектептерде жабык ажатканаларды толук курууну сунуштайт элем. Себеби, көп учурда донордук долбоорлор өз максатына жетпей калат. 

Санитария жана гигиена маселелери боюнча долбоорлор донорлордун сүйүктүү темасы экенин жакшы билем. Ошондой эле “Таза суу” долбоорунун негизинде Дүйнөлүк банк АӨБ жана ИӨБ сыяктуу үч донор таза суу кирген айылдарга, мектептерге ички даараткана курушкан. Тилекке каршы, көптөгөн ажатканалар мектеп директорлорунун күнөөсү менен жабылып, кээде суу жок же таштандыларга толуп калган учурлар бар. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мына ушул маселелерди дагы көз жаздымда калтырбай чечүүнүн жолун табышы керек.  


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер