Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызды Кыргызстанга жыйнаган бийлик гана элине тирөөч болот

Кыргызды Кыргызстанга жыйнаган бийлик гана элине тирөөч болот

24-август, 20:56
332 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Топчугүл Шайдуллаева эжебиздин “Отун” аттуу аңгемеси бар. Жапжаш дарак отун үчүн кыйылып кеткени менен көроокат үчүн сыртта жүрүп жантаслим болгон жаш мигранттардын тагдыры өтө кылдат салыштырылган. Бир нече жыл мурун Москвада өрттөнгөн, кечээ Ульяновскидеги жол кырсыгында набыт болгон мекендештерибиздин окуясы чын эле тышка агылган кыргыз көчүнүн процессинде тирүүлөй отун болгон адамдардын абалын эске салат экен. Пендесине бербесин. Курман болгондордун жакындарына кайрат тилейм. Чындап келсе мындайда эч кайсы сөзүбүз жардам деле бербейт. 

Бул жерде кимдир бирөөнү күнөөлөш да кыйын. Кырсык каш-кабактын ортосунда. Тилекке каршы, анчалык үрөй учургудай болбосо дагы ушундай жол кырсыктары Кыргызстандын өзүндө да күн алыс болуп атат. Демек, ушу тапта бизде жүрсө эле ал адамдар тирүү калат эле деген кепилдик да жок. 

Албетте, арттан келип сүзгөн айдоочунун жоопкерчилиги сөзсүз каралышы керек. Аны Россиянын тийешелүү органдары териштирет болуш керек. Бирок “эгерде бизде ушундай кырсык болсо, күнөөлүүлөр жазасын алат болчу” деп да айта албайбыз. Секелек кызды топтошуп алып зордуктагандарды, кыянаттык менен киши өлтүргөндөрдү, миллиондоп жегендерди бошотуп жиберип жаткан соттор турганда, андайга ишениш да кыйын. 

Ошентсе да жаны ачып турган коомчулук бийликтен миграция маселесин чечүүнү талап кылууда. Анысы жөндүү. Балким президент курман болгондордун сөөктөрүн алып келүүгө учак жибергенден тышкары, бул жөнүндө парламентте да кеп козголуп, бир сыйра ачуу сөздөр айтылар. Бирок биздин парламенттин табиятын эске алганда, андан майнап чыгарынан шегим бар. Чындап келсе кеңири масштабда үч нерсени түшүнүп алып, ошого жараша чечим сунуш кылган оң. 

Биринчиден, маселе миграцияны огобетер күчөтө турган кадамдар менен чечилбеши керек. Анткени “миграцияда жүргөндөрдүн жеңил иштешине шарт түзөлү” деген максаттын өзү туура эмес. Айрыкча кыргыз мигранттарын четке “эшелондоп жөнөткүсү” келген азыркы премьер-министрдин сөзү убагында абдан тескери резонанс жараткан. Андан бери позициясы өзгөрбөсө иш чатак. 

Себеби “мигранттардын тышта иштешине шарт түзөлү” дегендин түпкү мааниси – “кыргыз огобетер тентисин” деген сөз. “Чек арадагы айылдар огобетер жылаңач калсын” деген сөз. “Эл тыштан акча таап, өкмөттүн башын оорутпай, мыйзамдуу укугун талап кылып митингге чыкпай ошол жакта жүрсүн” деген сөз. “Кыргызстанда кыргыздар азайсын” деген сөз. Элди миграцияга түрткөн кадамдардын баары геосаясый жактан Кыргызстандын көз карандылыгын огобетер күчөтөт. Мигранттар барган өлкөлөр каалаган учурда өз жарандарыбызды өзүбүзгө каршы коюп, бизди сүйлөгүс кылышына жол ачылат. 

Көрүнүп тургандай, кайсы жагынан карабайлы, мигранттардын тышка азгырылышына шарт түзгөн кадамдардын артындагы натыйжалары улуттук кызыкчылык үчүн жакшы эмес. Андыктан бийлик башчылары цитата келтиргенди жакшы көргөн “Манас” эпосунда айтылгандай “үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган” жетекчи болгусу келсе, элге жумушту өз мекенинен таап берүү зарыл. Элди тентитип ийип “Манастагы” идеалга эч качан жакындаша албайт. Кыргызды Кыргызстанга жыйнаган бийлик гана элине тирөөч болот. 

Экинчиден, четке кеткендер жалаң эле жумуш издеп кетпейт. Соттон маселеси калыс чечилбегени үчүн кетет. Доктурдан жакшы дарылана албаганы үчүн кетет. Милийсага кайрылса кылмышкер кармалбаганы үчүн кетет. Татыктуу билим ала албаганы үчүн кетет. Алган билимин пайдалана албай, ишке кирсе жетекчилери пара сурап туруп алганы үчүн кетет. Иш ачайын десе ар кимиси акча үмүт этип сагаалап жүрүп алганы үчүн кетет. Кышында тышка чыкса таза аба менен дем ала албаганы үчүн кетет. Идеялары ишке ашпаганы үчүн кетет. 

Дегинкисин мисалы оогандар талибдерге, жабыркагандар кылмышкерлерге ж.б. кайрылып жатканынын эң негизги себеби – алар ошол кайрылган жагынан маселе чындап эле чечилерине ишенет. Себеби адам баласы кандай жагымсыз система болсо да анын түшүнүктүү, баарына бирдей, натыйжалуу болушун каалайт. Демек, миграция маселесин чечкиси келсе бийлик ушунун баарын оңдошу керек. 

Үчүнчү жана абдан маанилүү жагдай – миграциядан келген акча натыйжасыз пайдаланылууда. Мындан бир нече жыл мурун азыр Германияда элчи болуп иштеп жаткан Өмүрбек Текебаев биздеги тышкы миграция өлкө үчүн экономикалык жактан натыйжасыз болуп баратканын айтканы бар. Анын жүйөлөрү мындай. Мигранттар иштеп тапкан акчанын бир бөлүгү Кыргызстанда машине сатып алганга жумшалат дейли. Машине ушу тапта Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Демек, аны алыш үчүн жумшалчу акча өлкөдөн тышка кетет. Аны минип жүрүш үчүн бензин керек. Бензин да бизде чыкпайт. Аны алганга зарыл болгон акча да тышка агылат. Ошентип, мигранттар иштеп тапкан акчанын көбү элге, мамлекетке жукпай эле, кайра башка мамлекеттердин тегирменин айлантып атканын айтты эле. Ошондон улам акча мүмкүн болушунча өлкөнүн ичинде калышы керек экенин да эске салган болчу. 

Мен ушу жүйөлөргө толугу менен кошулам. Эгерде мигрант болуп кеткен мекендештерибиз кайрылып келип Кыргызстанда жашасын десек, анда биринчи иретте жумуш орундарын ачыш керек. Ачканда да акча кайра тышка кетпей, Кыргызстандын ичинде калгыдай кылып ачуу зарыл. 

Экономикада баары бири-бирине байланыштуу болгондуктан, бул боюнча сунуштала турган чечимдер бир эле тармакты оңдоп тим болбостон, кумулятивдик таасирге ээ болушу зарыл. Эгерде дүйнөдөгү энергетика тармагынын өнүгүшүн, экономиканын башка тармактарына анын тийгизген таасирин, байкалып жаткан тенденцияларды эске алганда, Кыргызстан үчүн андай жолдордун бири – электромобиль баш болгон электр транспортун, электр техникасын өндүрө турган ишканаларды ачуу. Өкмөт буга чейин чечим кабыл алгандай, электромобилдерди алып келүүгө нөлдүк алымды орнотуу аздык кылат. Инвестор таап, электромобиль чыгара турган заводду, андан тышкары электр кубатын чакан өлчөмдө иштеп чыгара турган жабдууларды өндүрө турган ишканаларды Кыргызстанда ачыш керек. Эмне үчүн? 

Биринчиден, дүйнө жүзү акыры баары бир ушуга өтөт. Мунай менен газдын казынасы түбөлүк эмес. Электромобилдер мындан 100 жыл мурун эле чыкканына карабастан дүйнөлүк мунай магнаттары анын ишке киришүүсүн акчанын күчү менен басып коюшканы айтылып жүрөт. Бирок акыры булактын көзү ачылды. Прогрессти токтотуш мүмкүн болбой калды. Ушу тапта Кытай баш болгон бир топ мамлекеттер электромобилдерди каалашынча чыгарууда. Албетте, мунай өндүрүүчүлөрдүн сүрөөнү (лобби) дагы эле күчтүү жана алар бир катар таасирдүү маалымат каражаттарына ээ. Бирок жалпы тенденция башталды. Бул багыттагы иштиктүү илимий изилдөөлөргө акча көбүрөөк жумшалса, андагы айрым техникалык маселелер да чечилет. Дүйнө жүзү баары бир ошого өтө турган болгон соң Кыргызстан эмне үчүн прогресстин башында эмес, куйругунда болушу керек экен? 

Экинчиден, электромобилдер Кыргызстанда чыкса өлкөнүн өзүнүкү болгондуктан, аны сатып алган, минип жүрүш үчүн электр энергиясын сатып алган мекендештердин акчасы да өлкөнүн ичинде калат. Азыркыдай Кытайга же Россияга кетпейт. 

Үчүнчүдөн, электромобиль заводун ачуу электр өндүрүүчү жабдуулардын (күн жана шамал генераторлору) ишине муктаждыкты жаратат жана аларды чыгара турган ишканалардын зарылдыгын шарттап, Кыргызстанды толук электр өндүрүшүнө жакындата баштайт. Бул кыйыр, бирок объективдүү түрдө ишке аша турган таасири. 

Төртүнчүдөн, үчүнчү себеп менен кошкондо бул чечим отун-энергетика секторунда башка мамлекеттерден болгон көз карандылыкты азайтат. Бензиндин баасын Россия бир сомго көтөрсө биздеги баалар 10-20 сомго көкөлөп кеткени турат. Өзүбүздө да акча азыраак кетмек. Бишкек ЖЭБин оңдогондон көрө күн жарыгы менен иштеген жаңы станцияны салдырып койсок жыл сайын көмүргө мынча акча коротмок эмеспиз. Бирок албетте, анда биздин коррупционерлер жыл сайын чуулгандуу көмүр тендерине байланышкан схемалардан акча жей албай калмак... Андай мисалдар толтура. Тилекке каршы, коррупциялык кызыкчылыктар дапдаяр турган бир катар прогрессивдүү чечимдердин алдын тороп алып жатканына көп жерден күбө болуудабыз. 

Бешинчиден, электромобилдерди жана электр өндүрүүчү шаймандарды чыгара турган ишканаларда жумуш орундары түзүлөт. Бул ошол эле мигранттардын бир бөлүгү кайтып келишине акырындап жол ачат. 

Алтынчыдан, бул экологияны тазарта турган технологияларды күчөтөт. Онкологиялык илдеттер, аллергия ж.б. бир катар оорулар жок болбосо да азаят. Менимче, абанын булганышынын кесепетин көп эле мекендешибиз сезип жатса керек. Демек, бул жагынан да абдан актуалдуу. 

Жетинчиден, бул чечим ансыз деле мунайы менен газы жок Кыргызстан үчүн абдан туура келет. Араб мамлекеттери, Россия же Түркмөнстан болсок бир жөн. Эгерде ушундай багытка бет алсакбиз аларга эмес, алар бизге жалдырай турган убакыт жакындап келатат. 

Сегизинчи себеби – экономикада энергетика өздүк наркты түзүүнүн эң башында турат. Өндүрүш жана товар ташуу үчүн зарыл болгон энергия четтен ташылып келгендиктен кымбатка турган булактардын (газ, мунай, көмүр) эсебинен алынса, чыгарылган өнүмдүн өздүк наркы да көкөлөп кетип, сатылгандагы пайданы азайтат. Эгерде Кыргызстан электр энергиясына толук өтсө, башкага сатпаган күндө да анын өндүрүш ишканалары атаандаштыкка туруктуу болот. Бул натыйжалуу ишканалардын ачылышын шарттап, ошол эле мигранттар үчүн жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. 

Ушу тапта “электромобиль заводу Кыргызстанда бар” дечүлөр чыгат. Ошто, Балыкчыда салынып жатканын айтып жүрүшөт. Алтургай шайлоо болгон сайын ошол жактан өндүрүлгөн көлүгүн элге көрсөтүп жарнама кылышканын да көргөм. Бирок бул иш андай өнөктүк масштабында эмес, кеңири масштабда, олуттуу пландар менен жасалышы зарыл. Ошондо гана ишенич пайда болуп, жогоруда саналып өткөн пайдасы тийе баштайт. 

Албетте, бул сунуш миграцияга себеп болуп жаткан башка жагдайларды (коррупция, адилетсиздик, бюрократия, мамлекеттик тейлөөнүн начарлыгы ж.б.) жокко чыгарбайт. Ал үчүн бүтүндөй өлкө боюнча түп-тамырынан бери системалуу реформалар керек. 

Буга ар кандай негиз менен каршы чыкчулар да четтен табылат. Бири зыян тартышы ыктымал болгон тийешелүү тармактардын өкүлдөрү болсо, башкалары маалыматы жок болушу мүмкүн. Адистер ойлорун айтар, саясатчылар жүйөлөрүн келтирер. Анткен менен бул теманы талкуулоонун өзү да улуттук кызыкчылыктын өңүтүнөн көп нерсенин көзүн ачканы турат. 

Жыргалбек Касаболот
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер