Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоонун оор сыноосуна кабылгандарга, кайыр сурагандарга мамлекет көңүл бурабы?

Жашоонун оор сыноосуна кабылгандарга, кайыр сурагандарга мамлекет көңүл бурабы?

02-октябрь, 11:42
612 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кайыр сурагандардын, үй-жайсыз адамдардын көбөйүп баратканы ойлондурбайбы? Мамлекет тарабынан кандай камкордуктар көрүлүшү керек?

Акбөкөн Таштанбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

-- Көчөдө кайыр сурагандардын арасында бизнес кылып алгандар да бар. Өнүккөн жана бай мамлекеттерде деле кайырчылар жетиштүү. Үй-жайы жок болсо, мамлекет жок дегенде кышкысын түнөй турган жай, ысык тамак менен камсыз кылышы керек деп ойлойм.

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” уюмунун жетекчиси:

-- Албетте, ойлондурат. Мамлекет баарынан мурда алардан эмне себептен кайыр суроого аргасыз болгон себебин аныктап, ошого жараша жардам берсе жакшы болмок. Мен билгени, соттордун адилетсиз чыгарган чечимдеринен негизинде үйлөрүнөн ажырашып, көчөдө калган жарандардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Мисалы, Ошто соттордун адилетсиздигинен, тергөөнүн алешемдигинен, милициялар элге иштебегенинен 11-12 адам көчөдө калышты, жасалма БОМЖ болуп жатышат. Жергиликтүү бийлик дагы кайыр сурап, көчөдө калгандарга көңүл бурбай калды. Жок дегенде тагдырдын оор сыноосуна кабылып, кайыр сурап, барар жери, кайрылар кишиси жок жарандарга жумуш орундарын түзүп, баш калкалаар жерлерди уюштуруп берсе, андан ары кайыр сурабай жашоосун жөндөп кетишине шарт түзүлөт эле. Аныгында эртеден кечке түйшүк тартышат. “Ким канча сом таштайт? Бир нан алганга каражат табамбы?” деп отурганча, иштеп айлык табышса, алда канча жакшы болмок.

Турат Мадылбеков, экс-депутат:

-- Азыр бизде оорунун айынан акча сурагандар, анан көчөдө кайыр сурагандар көбөйдү. Интернетти ачсаң эле “чет мамлекетте операция кылдырат элек деп жардам сурагандар толтура. Айрыкча жаш балдардын жаман илдет менен алышып жатканын көргөндө жүрөгүң ооруйт.

Ден соолугунун айынан каражат суроого аргасыз болгондорго элден мурун саламаттык сактоо министрлиги маани бериши шарт. “Эмне себептен элден каражат суроого аргасыз бейтаптар көбөйүүдө?” деген маселеге маани бериши керек. Сырттан ири суммага операция жасатууга мажбур болгондорду аныктап, алдын алуу үчүн эл аралык стандартка жооп берген ооруканаларды көбөйтүп, аларды керектүү медициналык аппараттар менен камсыздап, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү колго алышы зарыл. Антпесе климаттын өзгөрүшүнөн, жеген тамак-ашыбыздан не бир шумдук илдеттерге кабылып, жардам сурагандардын катары арбып баратат. 

Союз учурунда эмгекке ишеним берген профилактика бар болчу. Ичип, өзүн жоготуп көчөдө калгандарды үч ай, алты ай дарылап, аларды жумуш менен камсыздап, кадимки адамдардын катарына кошууга аракеттер көрүлчү. Ошон үчүн мамлекет көчөдө калган адамдардын оңолушуна колдоо көрсөтүшү керек. Азыр мурдагыдай ичип көчөдө калгандар азайды, бирок үй-жайсыз көчөдө калгандар, карыган ата-энесин кууп чыккандар бар. Кароосуз калган адамдарды мамлекет камкордукка алып, карылар үйүн көбөйтүш керекпи?” деп да ойлонуп кетем. Болбосо балдары кууп чыккандарды кантебиз? Кыйынчылыкка кабылып жатышат...

Эрнис Бөрүбаев, тамада:

-- Адамдардын пейили өзгөрүп кетти. Мурун кичинекей үйдө эле мээримге балкып, бактылуу турмушту баштан кечирсек, азыр эки-үч кабат үйгө да бир туугандарын батырбай, барчылыктан текебер болуп кеткендер толтура. Ошондой эле ата-энеси менен жашабай, өз алдынча жашаганды каалагандар, бопбош турган үйүн бирөөлөргө убактылуу жашоого бербегендер да бар. Азыр мурдагыга караганда Кыргызстанда адам аз. Көбү миграцияда жүрөт. Бирок, ошондой болсо да, үйлөр жетишпейт. Кабат үйлөр көп салынып жатса да, үйү жоктор арбын. 

Ишке жарабаган, чындап жардамга муктаж майыптар бар, аларга колдоо көрсөтсөк болот. Ал эми ишке жарап туруп, бирок иштегиси келбей, “үйүм жок” дегендерди билбейм...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер