Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байкуш кызым муздак плитканын үстүндө муздап жатыптыр...

Байкуш кызым муздак плитканын үстүндө муздап жатыптыр...

12-июнь, 14:34
2 665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен башымдан өткөн окуя менен бөлүшкүм келди. 

2016-жылдын январь айында турмушка чыктым. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жактырып турмуш курганбыз. Кош бойлуу болгонумду күйөөмө айтсам, мени көтөрүп алып көзүнөн жаш айлангыча айлантып, абдан кубанды. Ал да наристе жытын эңсеп жүргөн жан эле. Кайненемдер менен айылда чогуу туруп калдык. Үйүбүз эки бөлмөлүү времянка эле. Биз менен чогуу кайын сиңдимдин үч баласы жашачу. Өздөрү Орусияда эле. Ай-күнүм жетип, толгоом башталды.    Ошентип декабрдын биринде кыздуу болдук. Сүйүнгөнүбүздү айтпагыла. Күйөөм  Сауле десе кайнатам “жок, мен коём” деп Айсулуу деген ысым ыйгарды. Күндөрдүн биринде үйдө мен кайын сиңдимдин балдары менен калгам. Кызымды уктатып коюп, идиштеримди жууп алууга ашканага чыгып кетсем, кайын сиңдимдин балдары чуркап ойноп жатып, кызым жаткан керебетке чыгып, кызымды жерге кулатып жиберишиптир. Жүрөгүм түшкөн бойдон чуркап барып  кызымды ала калып, боорума кысып отуруп калдым. Кечинде кайненем келгенден кийин айтсам, “эч нерсе болбойт деп койду. Он күн өтпөй кызым түнү менен ыйлап, куса баштады. Ыйлап, ооруканага алып келдик. Райондук ооруканадан “Бишкекке, Жал кичирайонундагы балдар ооруканасына алып баргыла, биз эч нерсе кыла албайбыз дешти. Алып барсак кызымды дароо реанимация бөлүмүнө киргизип кетишти. “Кыз өтө оор абалда” деп гана айтып атышты. Дарыгер Дамир Муратович деген башка улуттагы киши чакырды. Кирсек диагнозду угузду. “Кыз ден соолугу чың төрөлүптүр. Бирок, травма алыптыр” деди. Каракушунда гематома бар, кан тамыр жарылып, мээсине кан аралашып кетиптир. Бул инсульт менен барабар, баарына даяр тургула деп гана койду. Эч нерсе дей албай эле отуруп калдык. 14-январь күнү кызым комага түшүп калды. 16-январда таң атпай Дача-СУга самолет кулаган оор күн эле. Ошол күнү “кызыңыздын абалы оор экенин билесиз да, кетип калды, сактай албадык” дешти. Жөн да эмес, “кызыңды өлүкканага жөнөттүк” дешти. Башка күйүтүм аз келгенсип, “бир жашка чейинки ымыркайлар өлүкканадан чыкпайт, экспертизага кетет” деп күйдүрүштү. Биз да “ымыркайымдын сөөгүн алып кетебиз” деп көгөрдүк. Акыры беришти. Өлүкканага барсак, жерде эле кан болгон чоң кишилердин өлүктөрү жайнап жатат. Кан болгон төшөктөр жатат. Булар Дача-СУдагы кырсыктан каза болгондор эле. Байкуш кызым муздак плитканын үстүндө муздап жатыптыр... Көтөрүп алып эшикке чыкканча шаштым. Алты сааттык жолдо эч кимге кызымды бергим келбей, боорума кысып кучактап бардым. Эмчегим сыздап ооруп, сүт агып, боздоп бардым. Эч бир эненин башына мындай кайгы салбасын. Көпкө дейре кайын сиңдимдин балдарын жек көрүп жүрдүм. Бирок, убакыт дарылады. Азыр баарын кечирип, унутуп баратам. Учурда Кудайым буюруп, төрт айлык боюмда бар. 

Бул окуя менен чет өлкөдө жүргөн мигранттарга айтар бир сөзүм бар. Ар бир бала өз ата-энеси үчүн таттуу, баа жеткис. Ошо баланы өз ата-энесиндей эч ким сүйө албайт. Эч ким энелик мээрим бере албайт. Чоң ата, чоң апа, таене, таята деле балаңарды өзүңөрдөй жакшы көрбөйт. Канча деген балдар нары түртүлүп, бери түртүлүп жүргөнүнө күбөбүз. “Алыстагы ата-энелер, балдарыңарга кайткыла!” демекчимин.


Айаруу Максатбекова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер