Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда соттолгондордун саны 9902, өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар
Кыргызстанда соттолгондордун саны 9902, өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар
14-ноябрь, 20:35


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Талаай Нуралиев бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөргөн басма сөз жыйынында Кыргызстандагы түрмөлөр тууралуу маалымат берди.
Кыргызстанда жалпы соттолгондордун саны - 9 902 киши. Ал эми өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар. Алардын баары эркектер. Арасында аялдар жок.
Нуралиевдин маалыматында, алардын арасынан 1632си тергөө абагында, 2031 киши жатак абагында кармалып турат. 427 киши терроризмге байланыштуу соттолгон.
Aryba.kg