Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек Акматалиев: “Жакында саясый эки жүздүүлүккө чекит коюлат”

Алмазбек Акматалиев: “Жакында саясый эки жүздүүлүккө чекит коюлат”

02-апрель, 10:03
1 278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Башмыйзам өзгөрүү алдында турат. 11-апрелде референдум өтөт, колдоого негиз барбы? 

-- Азыркы Конституция боюнча президенттин укуктары жана жоопкерчилиги абдан кызык. Аткаруу бийлиги боюнча эки гана министрди дайындай алат, бирок баарын көмүскө башкара берет. Башкача айтканда, де-юре укугу жок, де-факто аткаруу бийлигин толук башкарып келди акыркы 10 жылда.

Ал эми жаңы Конституция боюнча кандай? Президент аткаруу бийлигин толук өзү курайт, ЖКнын макулдугу менен өзү башкарат, өзү жооп берет. Башкача айтканда, де-юре да, де-факто да президент башкарат аткаруу бийлигин...

Жалпак тил менен айтсак, акыркы 10 жылдан бери өмүр сүрүп келген президенттин көмүскө башкаруусуна чекит коюлду. Ачык укук берилди, ачык башкарсын жана жооп берсин деген. Эң кызыгы, 10 жылдан бери эле Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигин калп эле “түзүп келатабыз” дегени менен, эл да, депутаттар өздөрү деле билишет, ким премьерди жана министрлерди тандап келатканын. Албетте, президентЭми ошол де-фактону де-юре кылып бергендин эмнеси жаман? Же президент эч укугу жок эле мурункудай көмүскө башкара берсинби? Өзүбүздү, элди, коомчулукту эмне мынча алдайбыз?

Жаңы Конституция ушундай саясый эки жүздүүлүккө чекит коёт. Укугу бар адам бийлеш керек да, жашырынбай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер