Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сонунбү Кадырова, алпаруучу: “Мамлекеттик мекемелерде тазалар четте калышып, уурулар биргеликте иш кылышууда”

Сонунбү Кадырова, алпаруучу: “Мамлекеттик мекемелерде тазалар четте калышып, уурулар биргеликте иш кылышууда”

15-июль, 18:32
1 900 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Сонунбү эже, катаал камоолор, коркутуп-үркүтүү менен деле коррупция тыйылбай ататБашка дагы кандай чараларды көрсө болот?

-- Коррупция неге токтобой жатат? Бул сырттан караган адамга көрүнүп эле турат. Азыр өлкөдө Садыр Нургожоевич менен эле Камчыбек Кыдыршаевич күйүп-бышып иштеп жатышат. Калганы “жеп-жулуп калалы дегендер. Таза иштөө эмне экенин билбегендер. Мисалы, бир долбоор башталса, сметаны көбөйтүп, уурдаганга даяр турушат. Эгемендүүлүк алгандан бери уурулуктун түрү чычкандын ийининдей жолдор менен курулуп, түзүлүп калган. Менин таңкалганым: ушул кезге чейин бир дагы аткаруу бийлигинин өкүлү “бул жерде мындай уурулуктун схемасы бар, ушунча жылдан бери иштеп келиптир деп айтып чыкпаганы. Эгер азыркы бийлик коррупциядан арылам десе, буга чейин бир күн болсо да мамлекеттик кызматта иштегендерди кызматка албашы керек. Ал эми жаңы жетекчиден биринчи кезекте ошол башкарып жаткан мекемеде кандай коррупциялык иштердин схемалары бар экенин сураш керек. Айтып бере албаса, ал адам ал жерди башкарууга даяр эмес. Азыр көп мамлекеттик мекемелерде тазалар четте калышып, уурулар дагы деле биригип иш кылып жүрүшөт. Муну эл көрүп турат. Айтсаң, факты алып кел деп өздөрү да атайылап уурулукту колдогон сыяктуу. 

-- “Түгөткөн сайын түтөгөн, күрөшкөн сайын күчөгөн коррупция” деген көрүнүштүн түпкү себептери эмнеде? 

-- Коррупциянын эң негизги себептери – жоопкерчиликтин жоктугу. “Кармалсам, акча берип кайра бошоп кетет экенмин деп калышты. Буларды кызматтан алуу менен урук-тууганын да мамлекеттик ишке жологус кылыш керек.

Ал эми жемкорлуктун алдын алуу үчүн мамлекетти башкаруунун системасын таптакыр өзгөртүп, мурдагы жолдор, ыкмалар иштебей кала тургандай кылыш керек. Анан кызматка келе жаткан адам өз план-программасын айтып, ошол мекеменин кандай кемчилиги бар, аны кантип оңдойт (?) деген сыяктуу суроолорго жооп берип, анан креслого отурса деп ойлойм. Кетип жатканда ал адамдын айыбын жашырбай ачык айтып, эмнени жасады, эмнени туура эмес аткарды?” деп эл алдында талкуулаш керек. Отчёт бербей эле кетип калып, эртеси башка мекемеге жетекчи болуп эле жыйырма чакты чиновник катын, бала-чакасы менен тегеренип жүрөт. Айрым жетекчилер уялбай эле акча тапкан кызматкеракча таппаган кызматкер деп жамаатты бөлүшөт. Акча таппасаң сен миң профессионал болсоң да адам эмессиң. Өз кесибин мыкты билген деген түшүнүк жок. Жалаң акчанын артынан шимигендер профессионалдар”. Ошонун кесепетинен өндүрүш алга жылбай, кедерине кетип, куну учуп турган мекемелер бар.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер